Бүгүн эртең менен Жогорку Кеңеш Феликс Куловдун премьер-министрликке кайра көрсөтүлүшүн четке каккан комитеттин бүтүмүнө жашыруун добуш берүү процедурасын баштады. Тогуз кишиден турган эсеп комиссиясы түзүлүп, учурда бюллетендерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Депутаттар бул боюнча токтомго добуш бериши керек. Токтомдун долбоору эки пункттан турат. Биринчиден, президенттин Феликс Куловду кайра көрсөткөн сунушун артка кайтаруу, экинчиден президентке жаңы талапкерди көрсөтүүнү кеңеш кылуу.