Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:44

КАРЫШКЫР КОРООДОГУ МАЛДЫ КОЛДОН ТАЛАШЫП, КУТУРУП ЖАТАТ


Кыш чилдесинде өлкөнүн тоолуу аймактарында ит- куш, карышкыр күч алып, төрт түлүк малга зыян кылууда. Адистердин айтымында, болжол менен Кыргызстанда 5 миңдей карышкыр бар, бул болсо нормадан эки эсе көп делип айтылууда.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агентиктин мергенчилик бөлүмүнүн башчысы Алмаз Мусаевдин айтуусунда жырткыч жаныбарларды атуу боюнча өкмөттүн атайын буйругу чыккан. Себеби, өлкөнүн аймагында карышкырдын саны кескин көбөйүп, адистердин айтымында 5 миңден ашып кеткен.

Карышкырлардын санын азайтуу багытында жогоруда аталган агенттик облустарга 2 млн. 76 миң сом каражат бөлгөн. Иш чаранын негизинде былтыр өлкө боюнча 178 карышкыр жана 322 чөө атылып, алар менен кошо жырткычтар жара тарткан малдын эти да өрттөлгөн.

Мергенчилик чарбасынын билдирүүсүндө жырткычтарды атуу, көзөмөлгө алууда ок дары, күйүүчү май жетишсиз. Алар өкмөткө караштуу жаратылышты коргоо жана көзөмөлдөө боюнча токой чарбасы боюнча агенттиктен бөлүнгөн акча каражаты колго тийе элек.

-Учурда Кыргызстандын бир катар жайлоолорун карышкыр каптап, малды чоң-кичинесине карабай кырып-жеп кетип аткандыгы маалымдалууда. Жакырчылыкты жоюу ураанын көтөргөн мамлекет тарабынан карышкырларды атып-азайтуу иш-чаралары жакшылап өткөрүлбөгөндүгүнө карапайым калктын нааразылыгы күч болгондуктан, ушундай жагдайды эске алдык. Учурда канчык карышкырдын терисине эки жарым миң сом, дөбөт карышкырга эки миң сом, бөлтүрүккө бир жарым миң сом жана чөөгө сегиз жүз сом сыйлык белгиленди. Айылдык мергендер жырткычтарды атып, терисин тапшырса, акчалай сыйлыктарын дароо алышат.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен алынган маалымат боюнча Кыргызстанда былтыр карышкырлар 250 ири мүйүздүү малды, 237 жылкыны, 25 топозду жана 1740 кой- эчкини жара тартып, зыян кылган.

Карышкырлар, башканы кой, жылкыларга тынымсыз тиш салып киргендиги элдин үрөйүн учурууда. Кеминдик фермер Ислам Исраиловдун айтымында карышкырлар короодогу малды колдон талашып турган учуру. Аларды атып жок кылууга мылтык жоктугун айтып, мергенчилик уюмдарынын бөлүмдөрүн райондорго ачууну сунуштайт.

- Азыр Союз убагындагыдай адис мергенчилер жок, болсо да карышкырларга каршы колдончу жарак-неси, ок-дарысы таптакыр жетишсиз. Мурункудай малдын коопсуздугу үчүн камкордук көрүлбөйт. Санитардык тазалоо жүрбөйт. Экинчиден, карышкыр аткандарды чегарачысыбы, милициясыбы, токойчусубу, барып эле басып жыгылып, курал-несин тартып алат. Жыйырма миң сомдой айып пул салат. Анан карышкыр көбөйбөгөндө эмне көбөймөк эле! Карышкырлардын санын чектөө - программалуу мамлекеттик иш болуш керек.

Фермер Ислам Исраилов мал чарбасына чоң зыян апкелип жаткан карышкырларды азайтуу иш-чаралары мамлекет тарабынан күчөтүлбөгөндүгүнө кейиди. Райондук акимчилик менен айыл өкмөттөрүнүн дал ошол карапайым элден кабар алуусун, алардын көйгөйүн чечүүгө жардам беришин талап кылды.
Үстүбүздөгү жылы да карышкыр-чөөгө каршы күрөш үчүн 2 млн. 76 миң сом каралууда. Бирок, айыл-кыштактарда кимдер карышкыр атып сыйлык алгандыгы жөнүндө дегеле маалымат жок.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG