Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын төрагасы Рене ван дер Линден кечээ күнү Беларуска болгон эки күндүк сапарын аяктады. Ал Беларус парламетинин спикери, тышкы иштер министри жана башка жетекчилер менен жолугуп, өлкөдөгү саясий туткунlарды бошотууга жана эл аралык коомчулук менен кызматташууга чакырды. Европалык жетекчи Минск шаарында Беларус оппозициясынын жетекчилери менен дагы кездешти.