Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

БИРИККЕН УЛУТТАРДЫН БАШ КАТЧЫСЫ МЕНЕН АКШ ПРЕЗИДЕНТИ ВАШИНГТОН ШААРЫНДА ЖОЛУКТУ


Нарын АЙЫП, Прага 16-январда Вашингтон шаарына Бириккен Улуттардын баш катчысы Пан Ги-мун келип кетти. Ал америкалык сенаторлор, конгрессмендер жана президент Жорж Буш менен жолугуп, өз-ара мамилелерди жана дүйнөлүк маселелерди талкуулады.

1-январдан тартып Бириккен Улдуттардын жаңы баш катчысы болуп иштей баштагандан бери бул - Пан Ги-мундун биринчи сапары болду. Уюм АКШнын аймагында жайгашып, анын бюджетине эң көп салым кошкон мамлекет Америка Кошмо Штаттары болгондуктан, ал түшүнүктүү.

Вашингтон шаарында Пан мырза бир нече америкалык сенатор жана конгрессмен менен жолугуп, АКШ жана Бириккен Улуттар ортосундагы мамилелерди талкуулады, Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунда чыгып сүйлөдү жана АКШ президенти Жорж Буш менен дагы кездешти.

Вашингтон менен Бириккен Улуттар ортосундагы мамиле акыркы мезгилде бир топ чыңалган абалга келген, Вашингтон такай Бириккен Улуттардын жетекчилигин сынга алып, уюмда реформа жүрбөй жатат, бюрократия менен коррупция кеңири тарап кетти деп келген. АКШнын Бириккен Улуттардагы мурдагы элчиси Жон Болтон жакында атайын макала жазып чыгарып, уюмду дагы бир жолу катуу сынга алган. Уюмдун мурдагы баш катчысы Кофи Аннан болсо кызматтан кетээр алдында Иракка каршы согуш баштап, аны баш-аламанга салганы үчүн АКШны сындап кеткен.

Дал ошол 16-январда Америкада Бириккен Улуттардын мурдагы жогорку кызматкерине каршы расми күнөө коюлду, ал - Ирак боюнча түзүлгөн "Мунай үчүн азык-түлүк" деген программанын жетекчиси Бенон Севан. Аны менен кошо мурдагы баш катчы Бутрос Бутрос Галинин кайниси Эфраим Надлер да күнөөлөнүүдө, алар - ошол программанын алкагында ири коррупциялык иштерге малынган деп айыпталууда.

Бирок Пан Ги-мун кандай болбосун маселелерди сүйлөшүү аркылуу чече алган дипломат болуп эсептелинет. Президент Жорж Буш менен жолуккандан кийин журналисттер менен кездешип, ал - Бириккен Улуттар чындап эле ири реформага муктаж жана бардык мүчө-мамлекеттер андай реформа жүргүзүүгө салым кошуш керек деп билдирди:

"Бириккен Улуттар өз ишмердүүлүгүн өзгөртүп, ыкчам аракеттенген уюмга айланууга тийиш жана анын кызматкерлеринин арасында жогорку деңгээлдеги моралдык принциптер орнош керек. Мен реформа баштоого чын дилимден даярданып жатам жана мага бардык кызматкерлер менен мүчө-мамлекеттерден ал реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн толук колдоо керек", - деди Пан Ги-мун 16-январда.

Жолугушуу учурунда Африкадагы Дарфур, Ирак, Жакынкы Чыгыштагы абал, Иран менен Түндүк Коренянын өзөктүк маселелеринен чыккан проблема жана башка маселелер талкууланды. Андан тышкары Пан Ги-Мун АКШ президентине кайрылып, Куба аралындагы Гуантанамо аскерий базасында түзүлгөн абакты жабууну суранды.

XS
SM
MD
LG