Зилзаладан кийинки абал менен таанышуу үчүн кечээ Баткенге чукул кырдаалдар, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият министрлеринин милдетин аткаруучулар барган. Соңку маалыматтар боюнча бул табият кырсыгынан облуста 12639 үй жапа чегип, алардын 44ү жашоого жараксыз болуп калган. Ошондой эле 63 мектеп, 33 саламаттыкты сактоо мекемеси зыянга учурап, 7 мектеп жараксыз абалга келген. 8-январда Баткенде күчү жети баллга жеткен жер титирөө болгон.(SM)
7:17 Өкмөт мүчөлөрү бүгүн Баткен облусунда жер титирөөдөн жапа чеккен аймактарды кыдырышат