Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

13:00 "Мени шайлоочуларым колдойт"


Мындай билдирүүнү Базаркоргон районунда шайлоочулары менен жолугушуу өткөрүп жургөн Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев жасады. Депутаттын айтымында, кечээ күнү Кеңеш айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуу өтүп жаткан маалда таптакыр башка аймактан келген төрт-беш адам чагым уюштурууга аракет кылышкан. “Аларды жергиликтүү эл колдогон жок. Мени депутаттыктан чакырып алабыз деген азаматтардын айткандары жалган болуп чыкты” – дейт Текебаев. “Атамекен” партиясынын билдиргенине караганда ушул тапта Кеңеш айыл өкмөтүндө 150 ашуун адам Текебаевди колдогон митинг өткөрүп жатышат. Мурда Базаркоргондук бир ненче адам Текебаевди депутаттыктан чакырып алуу акциясын башташканын билдиришкен эле. (IJz)

XS
SM
MD
LG