НЬЮ ЙОРК. Улуттар уюму газ куурунун жарылуусунан жабыр тарткан Нигерияга өз көмөгүн сунуш кылды. Кечээ Лагос шаарында мунай куурунда болгон жарылуудан бери дегенде 260 киши курман болгон. Кимдир бирөөөр тарабынан тешилген мунай куурларынан май алуу максаты менен куурга жүздөгөн адамдар чогулган кезде ал жарылып кетип, чоң өрт чыккан. Элинин көбү жакырчылыкта жашаган Нигерияда мунай куурларынан май куйуп алууга аракеттенген эки миң киши курман болду.
Баян Жумакадыр кызы, Прага
Баян Жумакадыр кызы, Прага