Кочкордогу жер титирөөдө киши өлүмү катталган жок. Бирок эски короо-сарайлар кыйрап, малдан чыгаша бар. Бул тууралуу Кочкор шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Рахатбек Ирсалиевдин жардамчысы бүгүн билдирди. Маалыматка караганда, үйлөрдүн арасында жарака кеткендер бар. Учурда комиссия түзүлүп, абал иликтенүүдө.