Жорж Буш Ирак боюнча жаңы стратгеияны кабыл алууга сөз берди. Буш бул билдирүүсүн көз карандысыз комиссия АКШнын Ирактагы саясаты токтоосуз өзгөртүлүүгө тийиш, деген тыянакка келгендин кийин жасады. Буш Иран жана Сирия менен түздөн-түз сүйлөшүүдөн баш тартты, бирок бул эки өлкөнүн Иракка жардам берип жаткан өлкөлөрдүн катарында аракеттенүүсүнө каршы эмес экенин, бирок ан үчүн алар белгилүү шарттарды аткаруусу зарыл экенин айтты.