Аялдарды үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоо максаты менен Улуттар Уюмунун аялдар кору ЮНИФЕМ атайын каражат топтоп, аны өлкөлөрдө иштеп жаткан бейөкмөт уюмдарга бөлүштүрүүдө. ЮНИФЕМдин аткаруучу директору Нолиин Хейзер уюм ошондой эле каражаттарын Борбор Азия аялдарын үй-бүлө ичиндеги зордукчулуктан коргоо ишине жумшалып жатканын маалымдайт.
-Кыргызстан, Kазакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Грузия сыяктуу өлкөлөрдө бул маселе курч турат, айрыкча аялдар кызмат ордунда бирге иштеген эркек кесиптештери менен жогору кызматтагы эркектердин асылууларына, үй бүлөсүндө да ар түрдүү зордук-зомбулукка жана кемсинтүүлөргө дуушар болушат. Анткени бул өлкөлөрдө жумушсуз олтурган эркектер көп учурда аракечтикке берилип үй бүлөсүнүн, айрыкча аялдарынын тынчын, алышат,- деп бандайт ЮНИФЕМдин аткаруучу директору Хейзер.
"Азаттык" радиосуна берген маалыматында Хейзер айым ошондой эле Ооганстан, Пакитстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдө жашы жете элек кыздарды күйөөгө берген учурлар арбын экенин белгиледи. Ооганстанда мисалы, кыздардын 57 проценти 16 жашка чыга электе эле күйөөгө берилет жана мыйдай аракеттер улуттук каада- салттар эле эмес, экономикалык себептер менен байланыштуу. Көп учурда ата- эне кызын калың жеп, турмушун оңоп алуу үчүн эрте күйөөгө берет.
Хейзер ошондой эле айрым өлкөлөрдө кыз баланын жыныстык органдарын кесип салуу практикасы орун алганын жана бул түркөй адатты жок кылуу үчүн өлкөлөрдү мамлекеттик дэңгээлде чара көрдүрүүгө аракеттер жасалып атканын белгиледи.
Ал аялдарды күңчүлүккө жана сойкулукка сатуу айрыкча Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрүндө дагы эле күч экенин тынчсыздануу менен баса белгиледи. Анын айтымында, жылына болжолу менен жарым миллиондон 2 миллионго чейин кыз- келин кулчулукка жана сойкулукка мажбурланып сатылат.
Баян Жумакадыр кызы, Прага