Россиянын Дүйнөлүк соода уюмуна өтүүсүнө жол ача турган эки тараптуу келишимге кол коюлганына байланыштуу президент Путин АКШ президенти Бушка ыраазычылыгын билдирди. Эки өлкө лидерлери Ханой шаарында өткөн Азия-Тынч океан кызматташтык уюмунун саммитинен кийин жолугушту. Путиндин айтымында, бул документтин кабыл алынышы Буштун саясий эркинин жардамы менен гана мүмкүн болду.