Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

«РЕФОРМА ҮЧҮН» КЫЙМЫЛЫ СУНУШ КЫЛГАН КОНСТИТУЦИЯ ДОЛБООРУ


Уюштуруу жыйыны сунуштаган Конституциянын долбоору 7-ноябрда жарыяланды. Анда президенттин ыйгарым-укуктары да дурус сакталып, бирок өкмөттүн, Жогорку Кеңештин ролу күчөтүлгөн. Депутаттар жалпысынан долбоорду оң баалап, бирок айрым тактоочу жайлар бар экенин айтууда. Бир катар депутаттар Конституцияны Уюштуруу жыйыны аркылуу кабыл алууга караманча каршы чыгууда.

Долбоордо аткаруу бийлиги өкмөттүн колуна берилип, өкмөттүн структурасын, курамын түзүү премьер-министрге, бекитүү Жогорку Кеңешке берилген. Ал эми премьер-министрдин талапкерлигин көрсөтүү укугу шайлоодо 50% ашык добуш алган партияга ыйгарылган. Эгерде бир да партия 50%дан ашык добушка ээ болбосо, анда президент жеңишке жетишкен партияга өкмөттү түзүүнү тапшырат.

Ал эми президентти жалпы эл шайлайт. Президент өз эрки менен өкмөт башчысын кызматтан ала албайт. Бирок, өкмөт мүчөсүн өз демилгеси менен иштен бошото алат. Президент мамлекеттик катчыны дайындайт. Өз аппаратын түзөт жана коопсуздук кеңешти түзүп, аны жетектейт. Сот иштери боюнча Улуттук кеңештин сунушу менен Конституциялык, Жогорку Соттун судьяларын шайлоону Жогорку Кеңешке сунуштайт. Ошондой эле президент Башкы прокурорду, Улуттук банктын, Эсеп палатасынын төрагасын Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт.

Долбоордо Улуттук коопсуздук кызматы каралган эмес. Демек, ал өкмөттүн курамына кирет.
Жогорку Кеңеш 105 депутаттан турат. Анын 60 партиялык тизме менен, калган 45 бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Адам укуктарына байланыштуу бөлүктө инсандын эркиндиги, укуктары кеңири чагылдырылып, соттун чечимисиз эч кимдин камакка алынбасы белгиленген.
Жаңы конституция ишке кирүүсүнө байланыштуу беренеде долбоорго кол коюлгандан кийин ишке кирет деп жазылган. Бирок кимдердин колу болуш керектиги аныкталган эмес.

Эгерде мына ушул жаңы конституция ишке кирсе, анда шайланган органдар өз мөөнөттөрү бүткөнчө ордунда калаары каралган.

Ал эми өкмөт болсо жаңыдан куралат. Ал тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев буларды белгилейт:

"Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин жаңы коалициялык өкмөт түзүлүүгө тийиш. Анда мындай деп жазылган: депутаттардын фракциялары биригип, президентке жаңы премьер-министрди сунуштайт. Ал эми премьер-министр депутаттар менен кеңешип, өкмөттүн структурасын, курамын түзөт".

Жогорку Кеңештеги экинчи депутаттык топ жалпысынан долбоорду оң баалап, бирок айрым тактоочу жайлар бар экенин айтууда. Алар ошондой конституцияны Уюштуруу жыйынында кабыл алууга караманча каршы чыгууда.

Айданбек Акмат уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG