БИШКЕК. Ушул тапта Ош, Жалалабат жана Баткен шаарларында бийликти колдогондор митинг өткөрүп жатышат. 200дөй адам Жалалабат облустук акимчилигинин алдында оппозицияны айыптаган плакаттарды кармап турушат. Үч облустагы "Азаттыктын" кабарчыларынын маалыматына караганда, Бишкекке карай жүрүшкө даярданып жатышат.