Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

МОСКВАДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ӨЗ ӨЛКӨСҮНДӨГҮ КЫРДААЛДЫ ТАЛКУУЛАШТЫ


Төрөкул Дооров, Москва. Кечээ, 6-ноябрь күнү, Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде Москвадагы кыргызстандыктардын жыйыны өттү. Элчи Апас Жумагуловдун айтымында, максат - бул жакта иштеп, жашап жаткандарга Кыргызстандагы соңку саясий кырдаал тууралуу маалымат берүү болчу.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигине келип жаткандар ушинтип, бири-биринен өлкөдө кандай окуялар болуп жатканы тууралуу маалымат бөлүшүп жатышты. Бул жакта «Алатоо» деген коомдук уюмду башкарган Жамиля Бегишеванын айтымында, чын эле Орусияда жашагандар өз өлкөсүндө эмнелер болуп жатканы тууралуу кабарларды убагында албай жатышат.

- Бул жерде олтургандардын көбүндө эле так маалымат жок. Азыр президент менен парламенттин ортосунда эмне окуялар болуп, ким кимге нааразы болуп жатканы жөнүдө так билбей туруп, бул жакта туруп алып эле ал тууралуу так баабызды бере албайбыз, - дейт Ж.Бегишева.

Кийин Кыргызстандын Москвадагы элчиси Апас Жумагулов чогулган элге Кыргызстандагы соңку кабарларды айтып берди.

Бул жыйында «компромисс» деген сөз көп эле жолу кайталангандай болду. Москвадагы кыргызстандыктар түзүлгөн абалдан чыгуунун жалгыз жолу – бийлик да, оппозиция да жамы олтуруп, сүйлөшүүлөр аркылуу бир чечимге келиши керек деп эсептешээрин айтып жатышты.

Бул пикирди элчи Апас Жумагулов да кайталады.

- Мындай маселеде эки тарап тең бири-биринин сөзүн угуп, эпке келбесе, тикелешип эле тура берсе, эч качан жакшылык болбойт, эч качан консенсуска келе албайбыз. Менин оюмча, оппозиция да, президенттик аппарат да, өкмөт да, сот органы да жалпы олтуруп, бир компромисске келиш керек. Эми, чынында, дагы бир кепти айта кетейин. Аны өзүңөр да азыр айттыңар, кемчиликтер да бар [бийлик тараптан]. Эми аны айтпай эле коеюн, аны айта турган жерде айтабыз, айтып деле жүрөбүз. Негизги маселе – биримдик болсо, - деди элчи Апас Жумагулов.

Жыйынга келгендер туруп, ар кимиси өлкөдөгү кырдаалга карата өз пикирин айтышына да убакыт берилди. Алардын дээрлик баары маселени сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечиш керек деген пикирди кайталашты.

Ошентип, жыйындын соңунда Кыргызстандын Москвадагы элчиси Апас Жумагулов азыркы кырдаал боюнча өзүнүн жана бул жактагы кыргызстандыктардын атынан өлкөнүн бийлигине жана оппозицияга кайрылуу жасай турган болду.

Төрөкул Дооров, Москва

XS
SM
MD
LG