Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Мухаммед эл-Барадей аталган уюм Ирандын өзөктүк программасынын тынчтык мүнөзүн ырастай албайт деп билдирди. Кечээ Нью-Йорк шаарында БУУнун башкы жыйынынында чыгып сөз сүйлөп жатып, эл-Барадей Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. БУУнун коопсуздук кеңеши Иранга каршы чектөөлөрдү киргизүү боюнча резолюциянын долбоорун кароодо.
Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик Ирандын ядролук программасын тынчтык мүнөздө өткөнүн ырастаган жок