Кыргызстан федералдык издөөдө жүргөн Борис Березовскийди кармоого кол кабыш кылбай, кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча эл аралык Конвенцияны бузду. Орусиянын башкы прокуратурасы Жогорку Кеңештин төрага орун басары Тайырбек Сарпашевдин катына 20-октябрда ушинтип жооп берген. Анда Березовский 29-июлда Лондондон Бишкекке келип, эртеси кайра кайтканы айтылат. Березовскийди атайын кызматтар эмне үчүн кармабаганынын себебин сураган катты Орусия баш прокуратурасы Кыргызстандын баш прокуратурасына 18-сентябрда жиберген. (BuS)