Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:09

Ооганстандагы куралдуу кагалышуулардан улам көп карапайым адам каза болууда


Ооганстандын Урузган провинциясынын борбору Тирин Кот деген шаарда кечээ күнү бир миниавтобус жарылып кеткенден 14 адам набыт болду, жүргүнчүлөрдүн үчөө жарадар болуп аман калды. Өлкөдөгү эл аралык аскерлердин өкүлү Люк Книттиг билдиргенге караганда, акыркы мезгилде өлкөдө өтө көп өлүмдөр болуп жатат: "Кейиштүүсү, карапайым калк арасында дагы жаңы чыгашалар болушу мүмкүн. Коргонуу үчүн биз аба күчтөрүн колдонууга тийишпиз, бирок карапайым элди коргоо өтө татаал болууда, - деди НАТО өкүлү. Апта башында өлкөнүн түштүк аймактарында 12 карапайым адам набыт кеткен. Өлкө президенти Хамид Карзай шейшемби күнү атайын комиссия түздү. Ооганстандагы абалды кечээ күнү Вашингтондо АКШ президенти менен НАТОнун баш катчысы да талкуулады.

XS
SM
MD
LG