Эл аралык валюта корунун маалыматында Жакынкы Чыгыштын экономикасы да жакшы өнүгүп жатат, бирок коопсуздук кырдаалдын начардыгы бул өсүшкө залакасын тийгизиши мүмкүн деп айтылат. Валюта корунун болжолунда аталган аймактардын экономикасы быйыл жана келерки жылы 6-7 пайызга өсөт.