Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

БАКЫТ БЕШИМОВ : БАКИЕВДИН ТАШКЕНГЕ САПАРЫ ОРЧУНДУУ МАСЕЛЕ ЧЕЧПЕЙТ


Борбор Азиядагы Америка университетинин вице-президенти Бакыт Бешимовдун баамында, Президент Курманбек Бакиевдин Өзбекстандагы расмий сапары эки өлкө ортосундагы алаканы жакшыртып жибере албайт. Мунун себеби Кыргызстан менен Өзбекстан эки башка багытта өнүгүүдө жана ортодо топтолгон проблемаларга эки өлкөнүн лидерлеринин көз караштары эки башка.

- Артта калган 15 жыл көргөзгөндөй кыргыз-өзбек алакалары бир калыпта өнүккөн жок. Эки өлкөнүн мамилелеринде ажырым тарткан кризистик жагдайга кабылган учурлар мезгил-мезгили менен орун алып турду. Атүгүл Өзбекстан чегарасынын өз тарабын миналаганга чейин барды. Жогорку деңгээлдеги ар бир сүйлөшүүлөрдүн соңунан албетте алака-катыш мындан ары жакшырары айтылат, бирок көп өтпөй эле реалдуу турмушта андай эмес болуп чыгат, энергия ресурстары менен байланышкан чарбалык мамилелер Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кыйын. Кандай дейсиз, президент Бакиевдин азыркы иш сапарынын соңунда чын эле алакалар жакшырса, мындай мамиле буга чейин орун алып келгендей белгилүү мөөнөткө чейин гана созулабы?

- Бир эле визит менен көп орчундуу маселелер чечилип кетет деп ишенбейм. Жалпы 15 жылдан бери президент Каримовдун өткөргөн тышкы саясаты менен Кыргызстандагы жалпы саясий абал эки башка версия. Мисалы, кыргыз-өзбек мамилелери кризистик абалда десем туура болот. Биринчиден, чек ара маселелери азыр чечилбей эле турат. Ошондуктан жалпы Кыргызстандын түштүк жагында Фергана өрөөнүндө оор абал түзүлгөн. Экинчиден, соода-сатык маселелери да чегарага байланыштуу. Ал да жакшы жылбай атат. Чегарада адамдардын ары-бери өтүшүнө көп тоскоолдуктар түзүлүп турат. Ошол эле учурда эл деген эл экен, турмуш деген турмуш экен контрабанданын негизинде товар ары-бери өтүп жатат. Үчүнчү маселе, бул жалпы Фергана өрөөнүндө, Борбордук Азияда коопсуздукту сактоо. Буга эки мамлекеттин көз карашы көп жылдан бери эки башка болуп келген.

- Кыргызстан менен Өзбекстандын мындан аркы болочок алыскы алакасы келечекте кандай бийлик болоруна жараша болобу? Мисалы мыйзам боюнча келерки жылы Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүш керек, бирок ал шайлоо кандай болору азыр эч кимге белгисиз?

- Албетте бул жалпы лидерлердин кандай коомду түзөм деген концепциясына, жалпы саясатына байланыштуу болот. Ислам Каримов Өзбекстанда өтө диктатордук режимди түздү. Тышкы саясаты да ошого байланыштуу. Тышкы саясатында өтө күтүүсүз бурулуштар болуп жатат. Бир учурда ООНго кирип кеткен Америка менен стратегиялык партнердука барып.

Анан Анжиян окуясынан кийин 180 градуска бурулуп, азыр Россия менен стратегиялык партнердукка баратат. Ошондуктан, албетте, кийинки жылы президенттик шайлоо болот. Көрөрбүз эмне болушун. Бирок ага карабастан Кыргызстандын негизги маселеси Өзбекстан менен тыгыз байланышты түзүп туруп, анан жалпы улуттук кызыкчылыкты коргошубуз керек. Өзбектер өздөрү билет кайсы президентин шайлап алышын, биз болсо өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды ойлошубуз керек. Ошондуктан өзгөчө жалпы режим кылуу керек. Ошондой категорияларды, тышкы саясатты эске алып туруп биз өзүбүздүн стратегиябызды түзсөк туура болмок.

XS
SM
MD
LG