Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

УСАМА БЕН ЛАДЕНДИН ӨЛҮҮ ТИРҮҮСҮ АЗЫРЫНЧА БЕЛГИСИЗ


Саударавия бүгүн Усама бен Ладендин өлгөндүгү тууралуу так билбей тургандыгын билдирди. Буга караганда, саудилик жашыруун кызматтар "Аль-Каиданын" жол башчысы өткөн айда Пакистанда ич келтеден өлдү деп эсептейт деген маалыматтар бар. Франция менен Кошмо Штаттары да бул маалыматты бышыктай албай тургандыгын билдиришүүдө.

Саударавиянын Вашингтондогу элчилиги таркаткан билдирүүдө "Усама бен Ладен өлдү деген кабар жалаң божомолго негизделген жана аны көз карандысыз булактан бышыктоо мүмкүн эмес" деп айтылат.

Кечээ франциялык "Лест Републике" гезити " бен Ладендин өткөн айда Пакистанда ич келтеден көз жумганын Саударавиянын чалгын кызматтары аныктады" деп жазып чыккан эле.

Макаланын автору Лаид Саммари анын колундагы документ Франциянын чалгын кызматтарынан алынганын мындайча билдирди:

,i>– Франциялык тышкы чалгын кызматынын бул документи "коргонуу жаатындагы" жашыруун документ экендигинде күмөн жок. Ал 21-сентябрда жазылыптыр.

Франциянын президенти өлкөнүн чалгын агенттигинен бул жашыруун маалымат кандайча ачыкка чыккандыгын иликтөөгө буйрук берди.

Анын аралыгында, АКШда чыгуучу "Таймс" журналы интернеттеги сайтында аты аталбаган сауди булагына шилтеме берип, сауди бийликтеринде бен Ладендин булганч суу аркылуу таркоочу ооруну жуктуруп алгандыгы тууралуу маалымат бар экендигин жазды.


Жаңыл Жусупжан, Прага

XS
SM
MD
LG