Түркияда өтүп жаткан түрк тилдүү элдердин курултайына Кыргызстандан биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов башында турган делегация катышууда. Данияр Үсөнов түрк министрлери жана ишкерлери менен да жолугушуу өткөрүп, экономикалык кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.