Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

ДНЕСТР ЖУМУРИЯТЫНЫН КАЛКЫ ОРУСИЯГА КОШУЛУУ ЧЕЧИМИН ЖАКТЫРДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Молдованын курамындагы Днестр жумуриятында 17-сентябрда референдум өткөрүлүп, ага катышкандар жумурияттын Молдовадан бөлүнүп, Орусияга кошулушу үчүн добуш беришти.

Днестр боюндагы жумурияттын 600 миңге жакын калкынын көпчүлүгүн орустар менен украиндер түзөт. Кайра куруу учурунда Молдова кошуна Румыния менен жакындашып, тектеш румын тилин өлкөдө жайылтууга аракеттенгенде Днестрдеги орустар ага каршы чыгып, 1990-жылы эгемендүүлүк жарыялаган. Аймакта СССР учурунда курулган көптөгөн аскерий ишканалар бар жана Орусия эмгиче аларга лицензия берет, өндүрүлгөн курал болсо экспортко сатылып, бир топ киреше алып келет.

Жумурияттын президенти Игорь Смирнов өзү Камчаткада туулган, атасы соттолгондон кийин үй-бүлө Уралга көчүп келген, 1988-жылдан бери Смирнов Молдовада жашайт. Немис гезиттеринин жазганына караганда, ал КГБ үчүн дагы иштеген жана дал ошол себептен Маскөө тараптан колдоого алынууда. Менчиктештирүү учурунда Смирнов өзү жана анын уулу жумурияттын көптөгөн ишканаларына ээлик кылып алган.

1992-жылы Молдова менен Днестр жумурияты ортосунда согуш да чыккан жана анын жыйынтыгында аймакта жашаган молдовандын баары качып кетүүгө аргасыз болгон, калып калган орустардын дээрлик баарына болсо Маскөө эмгиче орус паспортторун тоскоолдуксуз бере берет. Аймакта эмгиче 1200 орусиялык аскер да бар.

Референдумга - "Сиз Днестр жумуриятынын эгемендүүлүгүн жана анын келечекте Орусияга кошулушун каалайсызбы же жумурият эгемендүүлүктөн баш тартып, кайрадан Молдованын курамына кайтыш керекпи" деген эки суроо коюлган. Шайлоо комиссиясынын маалыматтарына караганда, добуш берүүгө 400 миңге жакын шайлоочунун 78 пайызы катышты жана алардын 97 пайызы Орусияга кошулуу үчүн, ал эми 95 пайызы - Молдованын курамына кайтып келүүгө каршы добуш берди.

Молдова, Европа Биримдиги, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму, башка эл аралык уюмдар референдумду мыйзамсыз деп эсептейт, Маскөө болсо Днестр жумуриятына колдоо көрсөттү. Орус жетекчилигинин айтымында, референдум аркылуу Черногория менен Косово Сербиядан бөлүнүп жатканда, ошондой эле референдумдун Днестр боюндагы жумуриятта өткөрүлгөнүн тааныбагандык кош-стандарттуулуктун белгиси.

Ал тууралуу Мамлекеттик думанын комитет башчысы Андрей Кокошин дагы айтты: "Менин оюмча, Днестр жумуриятынын калкына - Бириккен Улуттардын Жалпы Ассамблеясынын кароосуна айрым Батыш мамлекеттери тарабынан Косово маселеси коюлганы катуу таасир тийгизди", - дейт Кокошин.

Батыш саясатчыларынын айтымында, Косово менен Днестрдеги абал эки башка, ошондуктан ар бир маселе - бардык жергиликтүү өзгөчө шарттарды эстен чыгарбастан каралыш керек. Косоводо жашаган мусулмандарды Сербиянын жетекчилиги тукум курут кылып кыра баштагандыктан, Европа анын калкын коргоого аргасыз болгон. Сербия менен Черногория болсо өз-ара макулдашуу аркылуу бир-биринен бөлүндү, ал эми Молдова жетекчилиги Днестр жумуриятынын бөлүнүшүнө каршы.

Грузиянын курамындагы Абхазия жана Түштүк Осетия дагы Маскөөнүн колдоосу менен референдум өткөрүүгө даярданууда.

XS
SM
MD
LG