Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери кечээ күнү Брюссел шаарында жыйын өткөрүп, террорчулуктан шектелген адамдар жашыруун абактарда кармалганы эл аралык мыйзамдарга каршы келет деген бүтүмгө келишти. Андай абактар АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги тарабынан айрым европалык мамлекеттедин аймактарында ачылган деген кабарлар пайда болгон жана аны жакында АКШ президенти Жорж Буш моюнга алды.