Ооганстандык пушту улутундагы таанышымдан Ахмад шах Масуд тууралуу сурасам, "бул адамды эмнеге эле мынчалык даңазалашат билбейм, ал деген Ооганстандагы миңдеген можахеддин бири гана болгон" деп кол жаңсады. Бирок тажик генералын өлкөнүн түндүгүндө кудайындай көрүшкөн. Түбү тажик, Кабулда өскөн Мустафа деген журналист мага "Паншердин арстаны" өлтүрүлгөн кезде көп адам аны жоктогонун мындайча билдирди:
- Айрым пандшерликтер жана Масудду колдогондор анын өлүмү тууралуу укканда ден-дароо болуп калышкан. Кайгыга батып, айрымдары көз жашын көлдөтүштү. Башкалар анын өлгөнүнө ишенген эмес эле.
Генерал Ахмад Шах Масуддун армиясы ошол кезде Ооганстандын көбүн басып турган талибдерге туруштук берген саналуу күчтөрдүн бири болгон. Ошондуктан, анын өлүмү башка жактарда да өкүнүү менен кабыл алынган. Бирок генералдын атагы советтик оккупациянын мезгилинде чыккан эле. Анын 20 миңдей гана аскери болгон, бирок генералдын согуштук тактикасы ушунча күчтүү болгондуктан, 1980—жылдары ал Ооганстандын борбордук аймактарындагы өзүнүн киндик каны тамган Паншер өрөөнүн Советтик армиядан ийгиликтүү коргоп турган жана ошондон улам "Паншердин арстаны" деген атка конгон.
Ахмад Шах Масуд 1953-жылы аталган өрөөндүн Базарак кыштагында туулган, Кабулда чоңойгон. Атасы ооган шахынын армиясында полковник ченин алган киши болгон. Масуд Кабулдагы франциялык лицейде билим алып, кийин Кабул политехникалык институтунда инженердикке окуган. Ал окуусун бүтүрбөгөнү менен, үйрөнгөн-билгеним менен согуштан талкаланган өлкөмү калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтсөм деп кыялданган.
Ахмад Шах Масуд 1975-жылы шах кулагандан кийин орногон өкмөткө каршы согушка кошулуп, можахеддердин катарына кирген. Пакистанга качып, 1978-жылы кайтып келет. Кийинки жылы АКШнын жардамы менен Паншир өрөөнүндө СССР колдогон президент Нажибулланын өкмөтүнө каршы күчтөрдү жетектейт. Ошол тапта Түндүк Ооганстанды Кабул менен бириктирген Салаң өткөөлүн бөгөп алып, советтик аскерлердин кыйла айласын кетирген.
Советтер колдогон бийлик кулагандан кийин түзүлгөн өкмөттө Масуд аскер башчысы жана коргоо министри болгон, бирок бул өкмөт өз ичинен ит-жыгылыш болуп отуруп, акыры 1996-жылы талибдерден кулаган.
Масуд ал-каидачылар деп шектелген арабдар колдуу болгондон эки күндөн кийин мухиттин ар жагындагы 11-сентябрдагы окуялар дүйнөнү солк эттирди. Көп өтпөй, Кошмо Штаттары баштаган күчтөрдүн тынымсыз бомбалоосу астында Талибан режими кулады, Кабулда Батыш колдогон президент Карзайдын бийлиги орноду. Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда алгачкы америкалык согуштук базалар пайда болду. Айтор түндүк оогандык тажик генералдын өлүмү жана андан кийинки окуялар бүтүндөй аймактагы гео-саясий кырдаалдын кескин өзгөрүшүнө түрткү болгон, бирок бул өзгөрүүлөр дагы деле өнүгүүдө жана анын кандайча бүтөөрүн азырынча болжош кыйын.
Жаңыл Жусубжан, Прага