Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Орусияда Түндүк Кореядан барган студенттер кескин көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы жылдын үчүнчү кварталында (июль, август жана сентябрь айлары) Орусиянын аймагына "билим алуу максатында" деген негиз менен кирген Түндүк Корея студенттери 3700 кишиден ашканын "Медиазонанын" өлкөнүн Чек ара кызматынын статистикалык маалыматы боюнча анализине таянып 8-ноябрда "Свобода" радиосу жазды.

2019-жылы, мисалы, окуганы барган 3200 түндүк кореялык жаран Орусияга бир жыл ичинде кирген.

Бул өлкөнүн студенттери үчүн Орусия бөлгөн квота көп эмес. Быйыл апрелде, расмий маалыматка караганда, орусиялык жогорку окуу жайларда билим алып жаткан түндүк кореялыктар 130 болчу. Билим берүү министрлиги келерки жылга жүздөн ашуун арыз түшкөнүн маалымдаган.

Орусияда Түндүк Кореялык студенттердин көбөйүшү бул өлкөнүн аскерлери да Орусияга жеткирилип, Украинадагы согушка салынышы ыктымал деген кооптонуу айтылып жаткан учурда катталууда.

Украина орус бийлиги чек арадагы Курск облусуна кеминде 10 миңдей түндүк коерялык аскерди алып барганын, ноябрь айынын алгачкы күндөрүндө алар менен биринчи кагылышуу болгонун билдирген.

Москва менен Пхеньян ортосунда бекемделип бараткан аскердик кызматташтык аймактык гана эмес, глобалдык коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратарын 29-октябрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл белгилеген.

1-ноябрда Москвада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууда Түндүк Кореянын башкы дипломаты Цой Сон Хи аскерлери Орусияга жөнөтүлгөнү тууралуу билдирүүлөр боюнча түздөн-түз эч нерсе деген жок, бирок Москваны согуш башталгандан бери колдоп келатканын жана жардамын улантарын айтты.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-октябрда Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга барганы тууралуу суроого жооп бергенде аталган өлкө менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим бар экенин белгилеп, “эмне кылсак да өзүбүз билебиз” деген. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG