Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

ЖАЛАЛАЛАБАТ ТЕЛЕРАДИОКАМПАНИЯСЫНЫН ЖАМААТЫ ТӨРАГАСЫНА НААРАЗЫ


Облустук телерадиокампаниянын эмгек жамааты өз төрагасынын кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Алардын белгилешинче ЖТРдин төрагасы Ырысбек Зулумбеков телерадиокампанияда чыгармачыл маанай түзө албай, эмгек жамаатынын ыркын бузууда. Кызматкерлердин экинчи бөлүгү анын сөз эркиндиги менен демократиянын талабына ылайык ачык-айрым иштеп жаткандыгын жана материалдык-техникалык базаны чыңдап жаткандыгын айтышат.

Облустук телерадиокампаниянын 23 кызматкери ишенимден кетти деп эсептеп, төрагасын кызматтан алуу өтүнүчү менен республиканын Мамлекеттик катчысына, КТРдин Баш деректири менен губернаторго кайрылышкан. Кайрылууда ЖТРдин башчысы сырт кабарчыларды көбөйткөнү, журналисттерге жол акы төлөнбөгөнү, кызматтык автоунааны алмаштырып, мамлекеттик ишке аялынын аралашканы өңдүү он бөлүктөн турган жагдайлар көрсөтүлгөн.

Анын 1-орунбасары Тынычбек Мамаевдин айтымында төрагага ишеним көрсөтпөөгө жумушка татыксыз адистер кабыл алынгандыктан ЖТРдин эл арасындагы аброюу төмөндөгөнү себеп болду:

- Телерадиокомпанияда эки орунбасар барбыз. Ушул орунбасарларды бири-бирине кайраштыруу болуп атат. Сырткы кабарчыларга мүмкүнчүлүктү жогору берген. Компаниядагы ички жана сырткы байланышты тегиз кармай албагандыктан татыксыз болуп атат. Телерадиокомпаниянын облуста кадыры түшүп кетти, - дейт Тынычбек Мамаев.

Эмгек жамаатынын 12-августта жазган кайрылуусуна азырынча расмий бийликтерден жооп келелек. Анткени, ЖТРдин төрагасы Ырысбек Зулумбеков кезектеги эс алуу отпускасында жүрөт.

Эмгек жамаатынын өтүнүчү аткарылбаса, алар өз максат-мүдөөлөрүнө жетүү үчүн ар кандай иш-чараларга бараары күтүлүүдө. ЖТРдин редактору Арстанбек Якубов кайрылууга кол койгондор ишкана алдында пикет өткөрүп, же иш таштоого барууга камдуу экендигин билдирди. Жамаат президентке да кайрылуусу ыктымал:

- Эгерде биздин талаптарыбыз чечилбесе биз иш таштаганга чейин барабыз, пресс-конференцияларды өткөрөбүз. Күндүр-түндүр кетпей пикетке чыгабыз деген ойдо турабыз. Төрагабыздын аялы, сиңдилери киришип, балдарды түшүнүк кат жазып бергиле деп коркутуп атат.

Бирок, төраганын наамына айтылган мындай дооматтар менен кадрлар бөлүмүнүн башчысы Өктөм Тагаева макул эмес. Мындай маселе КТРдин баш деректири К. Молдокасымов Жалалабатка ай башында келгенде көтөрүлбөгөн. Төрага жок кезинде маселенин козголушу адамдын артынан урулган бычак менен барабар:

- Бул киши отпускада кезинде мындай иштер болушу артынан бычак урулуп атат. Бул нерсени өзү барда, КТРдин башкы директору келген, ошол учурда нааразычылыктарын кенен-кесир айтышса жакшы болмок.

Кадрлар бөлүмүнүн башчысы нааразы тарап белгилеген сырт кабарчылар телерадиокампанияга пайда келтирип жаткандыгын айтып өттү. Жагдайга анча маани бербеген жаш кызматкерлер кайрылууга түшүнбөй кол койгону тууралу түшүнүк кат жазып беришкен:

- Коллектив азыр экиге бөлүнгөнсүп турат. Он чакты адам түшүнүк кат жазып беришти, биз ыкыр-чыкырын билбей кол коюптурбуз ,- дешет жаш кызматкерлер.

ЖТРдин редакторлорунун бири Алимбек Азимканов төраганы кызматтан алуу талабын уюшулган иш катары баалайт. Ырысбек Зулумбековдун кызматка келүүсү менен коррупцияга байланыштуу материалдар көп чагылдырылып, теледе ачык-айкындык, сөз эркиндиги орноду, деп эсептейт Алимбек Азимканов:

- Биринчиден, бул кишинин үстүнөн жазылган кат бул уюшулган топтун жазганы. Себеби эч кандай кысым жок, басма сөз эркиндиги толук бар.

Ал эми ЖТРдин дем алууда жүргөн төрагасы Ырысбек Зулумбеков телефон аркылуу аны кызматтан кетирүү акциясы 3-4 адамдар тарабынан уюштурулганын жана кайрылууда көрсөтүлгөн жагдайлардын негизи жок экендигин маалым кылды.

Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат

XS
SM
MD
LG