Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

АТАКТУУ НАГИБ МАХФУЗ ААЛАМДАН ӨТТҮ


Каирде азыркы замандагы залкар жазуучулардын бири Нагиб Махфуз 95 жаш курагында көз жумду. Өмүрүндө ал элүүгө жакын роман, повесттерди, жүздөн ашуун аңгемелерди жазган. 1988-жылы Нобел сыйлыгына арзыган. Махфуздун чыгармалары социалдык абыгерчиликтен жана жалгыздыктан жабыркаган адамдар, оомал-төкмөл дүйнөнүн түгөнгүс ташпиштери тууралуу ары саралуу,ары санаалуу ойлорго ширелген.

Нагиб Махфуздун дүйнөдөн өткөнү мисирликтердин түндүгү түшкөндөй эле чоң кайгы болду, дейт америкалык профессор, көрүнүктүү арабист Рожер Аллен:

“Египетте Махфуз “ХХ кылымдын пирамидасы” атка конгон. Мисирликтердин андан башка аша ардактаган, катуу кадырлаган кишиси жок болсо керек эле. Махфуз ойдогусун түз айткан, жеткен туурачыл, чынчыл киши болчу”,- деп эскерет профессор Аллен.

Аллен улуу романчы менен мындан кырк жылдай мурда таанышып, анын жакын досу болуп калган. Махфуздун бир канча романын англис тилине которуп бастырды, жазуучунун чыгармачылыгы жөнүндө ондогон макалалар жазды.

Нагиб Махфуз Каирде төрөлүп, жергиликтүү университетте окуган, жаш кезинен эле философия менен көркөм адабиятка ыкыласы бурулган. 1938-жылы алгачкы аңгемелер жыйнагын чыгарат,андан соң бир нече роман жазат. Европага ал элүүнчү жылдардын этегинде жарык көргөн “Каир үчтилтиги” менен таанылган. Бул үчилтик орусчага “Биздин малаанын балдары” деген ат менен которулган.

Профессор Рожер Аллендин айтымында, үчилтик 1987-жылы француз тилине которулганда адабият адистери менен окурмандар чыгарма европалык үлгүдө эмес, анык арап стилинде жазылган жаңы туунду экенин баамдашкан. Дал ушул жүйөө 1988-жылы Нобел комитетинин чечимине негиз болду, дейт Аллен.

Мисирликтердин ой жолоюна салып караганда, Махфуз либералдык маанайдагы калемгер болгон. Нобел сыйлыгын алгандан кийин анын чыгармалары исламчылардын да назарына илинип, алардын нааразылыгын жаратат, жазуучуну алла таалага акаарат келтиргени үчүн айыпташкан. 1994-жылы фанатиктердин бири жазуучуга бычак ала жүгүрүп, оор жарадар кылат. Ошондон тартып Махфуз көп ноокастай баштайт. Бирок чыгармачылыгын токтоткон эмес.

Анын соңку аңгемелер жыйнагы “Жетинчи асман” деген аталышта былтыр басылган, жыйнактын өзөгүн түзгөн аңгемелерде Махфуз акырет дүйнөдөгү өмүр темасына көп кайрылган.

“Менин такай таң калганым, - деп эскерет профессор Рожер Аллен,- дүйнөлүк атакка жеткен адамдардын арасында Махфуздай өтө жупуну, карапайым адамдар сейрек болот. Жолунда жолуккан ар бир адам менен саламдашып,ал-абалын сурап, эзелки таанышындай мамиле кылчу, ишемби күнү гана үйүндө отуруп, калган күндөрү Каирдин коен жатагын койбой, шаар аралап жүрчү”.

Нагиб Махфузга көзү тирүү кезинде эле Каирдин чак ортосуна эстелик тургузушкан. Эми көзү өткөн соң анын айкели турган жер ыйык жерге айланат болуш керек, дешет улуу жазуучунун ыкыласмандары.

XS
SM
MD
LG