-Урматтуу комиссар, азыр сиздердин мекемеге алынчу кызматкерлердин саны такталып, тандалып жатат деген маалымат бар. Адегенде ушул жөнүндө айта кетсеңиз. Коррупцияга каршы күрөшө турган кызматкерлерди кандай критерийлердин негизинде тандап жатасыз?
- Биринчиден, жогорку билимдүү, экинчиден мамлекеттик кызматта эки жылдык тажрыйбасы бар, юридикалык, экономикалык билимдери бар адистерди алып жатабыз. Штаттык структура кырк тогуз кишиден турат. Бул оперативдүү жумуш. Тейлөө жумушу 20 пайызды түзөт. Жалпысынан алганда алтымыш киши иштей турган болду. Бир ай мурда “Эркин Тоо” гезити аркылуу конкурс жарыялаганбыз. Кээ бир орундарга он бир кишиге чейинки талапкерлер документтерин тапшырышкан, 25-августта сынак болот. Ал эми 30-августта сынактан өткөндөр менен сүйлөшүп, бизге ылайыктуу кызматкерлерди тандап алабыз.
-Коррупцияны алдын алуу боюнча мекеме Кыргызстанда биринчи ачылган институтпу же мындай тажрыйба башка өлкөлөрдө бар бекен?
- КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу ушундай улуттук агенттик түзүлүп жатат. Башка чоң мамлекеттерде, мисалы, Америка, Кытайда мурда эле кабыл алынган экен. Чоң коррупционерлерге Кытай мамлекетинде өлүм жазасына чейин жаза каралган. Президент Курманбек Бакиев биринчиден жардылык, кембагалчылык менен күрөшүү, экинчиден коррупцияны жоюу максатын көздөөдө. Бул проблемаларды ишке ашыруу максатында былтыр 21-октябрда өзүнүн жардыгы менен коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттикти ачты. Андан башка коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук кеңеш түзүлдү. Биздин агенттик жылына улуттук кеңеш алдында республикада коррупцияга каршы күрөш жагында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө отчет, анын ичинде агенттиктин сунуштарын, көрсөтмөлөрүн аткаруу жана бул иштин натыйжалары жөнүндө маалымат берип турат.
-Сиздер коррупциянын алдын алуу боюнча конкреттүү кандай иштерди жүргүзөсүздөр?
-Бир эле сөз менен айтканда, негизинен коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү. Азыркы күндө ишеним телефон аркылуу кайрылгандар бар. Жазуу түрүндө кайрылгандар да бар. Бир нече багыттар боюнча иштеп жатабыз. Мунун жыйынтыктары ушул жылдын сентябрь айынын орто чендеринде берилет. Биринчи жер маселесин караштыруудабыз. Эгер алдын ала айтсам, негизинен шаардын ичинен жогорку деңгээлдеги чиновниктер алган экен. Эки, үчтөн участок алгандары да бар. Мындан тышкары Меккеге барып, бир топ чыр чатактар чыкпады беле. Ушул багытты дагы көзөмөлгө алып, текшерип чыктык. Азыркы күндө маалыматты президентке чейин даярдап турабыз. Жакында эки-үч күндүн ичинде даяр болот. Андан башка “Кыргызджип” сервиси дагы чет мамлекетке жиберүү боюнча визаларды ачышкан экен. Кээ бир жерлерде бул коммерцияга айланып кетиптир. Мунун дагы жыйынтыгы жакынкы арада белгилүү болот.
Массалык маалымат каражаттары аркылуу мунун баары берилет. Жергиликтүү органдарга да бул маалымат жеткирилет. Коррупция менен күрөшүү боюнча мыйзамдар чала иштелип чыккан. Бул боюнча да иш жүргүзүлүп жатат.
-Урматтуу комиссар, айрым бир иликтөө иштерин өткөргөн экенсиздер, ушундан улам сизде кандай таасир калды? Өзүңүз айткан коррупцияны бизде толук жойбосо да анча мынча кыскартканга мүмкүнчүлүктөр барбы?
- Мурдагы президентибиз Аскар Акаев өзү айтпады беле коррупция деген жетинчи кабатка жетти деп. Көп нерсени бийлик бузат. Ага мисал катары былтыркы жылдын мартындагы окуяларды айтсам болот. Бир топ жылдардан бери биздин өлкөдө бийликтин бардык чөйрөсүндө коррупциянын деңгээли жогору болгон. Үч айдан бери агенттикти жетектеп, комиссар болуп иштеп жатам. Азыр кай жакты карасаң коррупция жөнүндө сөз. Кайсы гана тармакты албагын, коррупция абдан өөрчүп кеткен экен. Эми бул багытта ар бир атуул, жаран, инсан өзү коррупцияны жоюуга аракет кылбаса, коррупцияга каршы күрөш боюнча бир органды түзүп коюу менен иш бүтпөйт. Коррупцияга каршы күрөштү атуулдук эрк болгон учурда гана жүргүзүүгө болот. Ар бир жаран, биздин мамлекетте жашап жаткан адамдардын баары аракет кылбаса, аны жоюу кыйын. Коррупция көзгө көрүнбөйт экен, байкалбайт экен же өзү сүйлөп айтпайт экен. Ар бирибиз адилеттүүлүк кылып күрөшпөсөк пайда чыкпайт. Ошондуктан биздин мамлекет жетекчилер, өкмөт башчылары саясий эркин көрсөтүп, ушул багытта абдан чоң иштерди өткөрүп жатат. Коррупцияны түп тамыры менен жогото албасак да анын деңгээлин өзгөртүүгө биздин агенттиктин жана жалпы кыргыз элинин толук мүмүнчүлүгү бар деп ишенем.
- Жогорку жактардан сиздердин жаш мекемеге бут тоскон же кандайдыр бир кысым көрсөткөнгө аракеттер болгон жокпу?
-Үч айдын ичинде бизге өкмөт жагынан көмөк көрсөтүлүп, өзүнчө бир имарат бөлүнүп берилмек эле. Бирок ушул күнгө чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети өкмөткө өз пикирин айтып, бар же жок дебей келүүдө. Аткаруу бийлиги президенттин же өкмөттүн токтому болобу, аны так аткарбай жатышат. Тартиптин жоктугу байкалат. Тартип болбосо иш оңолбойт. Чет элдин өкүлдөрү да бизге көзөмөл жүргүзүп жатат. Иштери кандай болууда, келечекте булардын иши болчудайбы деп. Биздики негизинен профилактикалык иш болуп жатат. Мыйзамдардын кемчиликтерин таап, ошол жерде кандай кемчиликтер бар, коррупцияга эмнелер түрткү болуп жатканын изилдеп, тактап мониторинг жүргүзүп жатабыз.