БИШКЕК. Бул тууралуу «Адилет» укук коргоо борборунун жетекчиси Чолпон Жакупова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, ал мындай маалыматты камакка алынган качкындын жакындарынан алган. “Бул Кыргызстан менен Өзбекстандын укук коргоо органдарынын жарыяланбаган келишиминин негизинде болуп жатат деген шек бар”, дейт Чолпон Жакупова . Анжиян окуясынан улам Ошко өтө качкан Валижон Бабажанов менен Сайдулла Шакировдун дайынсыз жоголуп кеткени Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын кызматтарынын биргелешкен иш аракеттеринен улам болууда деген оюн “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова айтты. Ал эми башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Токтогул Какчекеевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, укук коргоо органдарынын бул окуяга тиешеси жок. Кыргызстандын жогорку бийлиги бул окуя тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.
Мээрим Султангазы, Бишкек
Мээрим Султангазы, Бишкек