Никахаң Коусар – ирандык белгилүү карикатурачы. Ал өз иши үчүн Ирандан куулган, азыр Канадада жашайт. Анын ишениминде, бул көргөзмө - Иран тарабынан Израилге каршы жасалып жаткан саясий аракет:
- Бул тамаша сүрөттөрдүн сапаты орточо: айрымдары дурус, кээлери жакшы тартылбаган. Бирок мен алардын баарын көрбөгөндүктөн, азыр алыста туруп айта албайм. Мен билгенден – бул көргөзмөгө катышып жаткан көптөгөн карикатурачылардын дал ушул маселеге (Холокостко – автор.)карата көз-карашы иран өкмөтүнүн пропагандасы менен үндөшөт. Бул – Холокосттон кутулуп, андан тирүү калгандарды жана Экинчи Дүйнөлүк согуштан жабыр тарткандарды урматтабагандык деп ойлойм. Израилге жек көрүү сезимин же ал мамлекетти таныбагандыкты мындай жол аркылуу көрсөтүү, менимче, адамгерчиликке жатпайт ко, - дейт азыр Канадада жашаган ирандык сүрөтчү.
Аталган көргөзмө 13-сентябрга чейин улантылат. Анын соңунда 3 негизги жеңүүчүнү тандап алышат, аларга акчалай сыйлыктар ыйгарылаары айтылды. Биринчи орун үчүн – 12. 000 доллар, экинчисине – 8. 000, үчүнчү орундагы карикатурачыга болсо 5. 000 доллар сыйлык берилээри кабарланды.
Төрөкул Дооров, Прага