БИШКЕК. Бүгүн өнүгүү боюнча АКШнын эл аралык ЮСАИД агенттигинин аймактык миссиясы менен БШК биргелешкен маалымат жыйынын бергени жатат. Анда АКШ өкмөтүнүн Кыргызстан менен шайлоо өнөктүктөрү жаатындагы кызматташтыгы тууралуу сөз болот. Элчиликтин маалыматына караганда, ЮСАИД агенттиги аркылуу АКШ 2005-жылдын февраль айынан тарта шайлоо өнөктүктөрүнүн ачык-айкын өтүшүнө техникалык жактан үзгүлтүксүз кол кабыш кылып келатат. Алардын акыркысы катары июль айынын этегинде Ош шаарында ачылган шайлоо жараяндарын колдоо ресурстук борбору аталууда.
Бурулкан Сарыгулова
Бурулкан Сарыгулова