Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

ИРАКТА ЖАРАНДЫК СОГУШ ЧЫГЫП КЕТИШИ МҮМКҮН


Ирактык шиитер менен суннилер ортосудагы согуш улана берсе, өлкөдө жарандык согуштун башталып кетүү коркунучу бар. Кошмо Штаттардын Жакынкы Чыгыштагы күчтөрүнүн командачысы Жон Абизайд мындай эскертүүнү 3-август күнү Сенаттын Аскерий тейлөөлөр комитетинде болгон талкууда жасады. Бир апта мурда британиялык дипломат Уильям Пейти да жарым жыл ичинде Ирактагы жаатташтык согушу басаңдабаса, өлкөдө жарандык согуш чыгып кетет деген кооптонуусун билдирген.

Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскерлердин командачысы Жон Абизайд өткөн аптада Ирактын борборундагы жагдайга мындай мүнөздөмө берген:

- Мен өзүм көргөндөн кийин, Багдадда өтө жаман жаатташтык согушу жүрүп жатат деп айта алам. Бул согуш токтобосо, Иракта жарандык согуш алоолоп кетиши мүмкүн.

Генерал Абизайд билдирүүнү Иракта вазийпасын аяктаган британ элчиси Уильям Пейтинин сөзүнө жооп ирети жасаган эле. Дипломат Багдаддан мекенине жөнөп баратып айтканга караганда, келерки жарым жыл Ирак үчүн чечүүчү мезгил саналат жана бул аралыкта согуштук аракеттер басаңдап калбаса, өлкөдө жарандык согуш башталып кетиши мүмкүн.

Жон Абизайд бейшемби күнү Сенаттын Аскерий тейлөөлөр комитетинде болгон талкууда Иракта азыр согушту көксөгөн үч топ атаандашып жатканын айтты. “Ал-Каиданын” желдеттери, эрегишчилер жана шиит согушчандары-бул үч топ өлкөнү жарандык согушка ээлиге түртүүдө. Ооганстанда жана Иракта абал олку-солку болуп курчуп турганда, региондогу террордук топторго каршы согушкан күчтөргө жардамдашуу, Кошмо Штаттардын коопсуздугуна кызмат кылат, деп белгиледи генерал Абизайд:

- Ооганстанда, Иракта жана бүтүндөй региондо абал коркунучтуу жана маал-маал жагдай өтө осолдоп кетүүдө. Региондо коопсуздук күчтөрүн курууга көмөктөшүп, региондогу экстремисттик топторго каршы күчтөрдүн тиреги болуп турганыбыз биздин өлкөнүн коопсуздугу жана өнүп-өсүүсү үчүн маанилүү.

Жон Абизайд сөзүнүн аягында Кошмо Штаттары менен Ирак өкмөттөрүн Багдадга кошумча аскер жайгаштырууга чакырды.

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын акими Питер Пейс - генерал Абизайддын сөзүн жактап, Иракта жарандык согуштун “чыгып кетиши ” ыктамал деп кооптонду. “Шииттер жана суннилер өз балдарын артык сүйүп, бирин бири өтө жек көргөн абалга баратышат”. Өз ара жек көрүүчүлүктүн кесепети, эми “Ирак элине жана Ирак өкмөтүнө тийгени турат”, деди Питер Пейс.

Бирок, Кошмо Штаттардын Коргоо министри Дональд Рамсфелд эки аскер башчынын сөзүнө байланыштуу сенаторлорго түз түшүндүрмө берүүдн баш тартып койду.

XS
SM
MD
LG