Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

ОШТО ПРЕЗИДЕНТТИН КООМДУК КАБЫЛДАМАСЫ АЧЫЛДЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиевдин Ош шаарында жарандарды жекече кабыл алуу боюнча коомдук кабылдамасы ачылды. Өлкөнүн түштүк борборунда ачылган бул мекемени учурда президенттин коомдук кеңешчиси Мехаждин Сраждинов ишке киргизип, аткаруу бийлиги менен биргеликте иш алып барууда.

Президент Бакиевдин түштүк аймагындагы коомдук кабылдамасына бир жуманын аралыгында эле 58 кат келип түшүптүр. Кат куржундарына түшкөн маалыматтардын көпчүлүгү социалдык мүнөздү түзөт. Президенттин Ош шаарынын кабылдамасынын каттар боюнча бөлүмүнүн башчысы Турсунбай Алиев жарандардын арыз-даттанууларынын негизги мазмунунда учурда бүтпөгөн соттук чатакташуулар, жер талаштар жана башка маселелер тууралуу кайрылган адамдар көп экендигин белгилөө менен аталган маселелерди жергиликтүү шартта чечүүгө белсенип жатышкандыгын айтып өттү.

Ал эми президенттин коомдук кеңешчиси Мехаждин Сраждинов болсо жергиликтүү аткаруу бийлигинин өкүлдөрү маселени жеринен чечпей жогорку бийликке жүктөп коюп жатат деген оюн билдирүү менен жарандык коомдун маселелерин жеринен жана тез арада чечип берүүдө алар алсыздык кылып жатышкандыгын айтат:

- Жергиликтүү бийлик, айыл өкмөтү болобу өзүлөрү талаптарды чечиш керек. Айыл өкмөтү чече албаган маселени дагы президентке жазып жатышат. Президент чечсин деп. Караштырыш керек да. Президент чоң, глобалдуу маселелерди чечет да.

Мамлекет башчысына кат менен даттанууну каалаган Ибрагим Мырзабаев бир канча убакыттан бери президентке кат жазып келгендигин бирок, тилекке каршы эч кандай жооп болбогондугун эске салуу менен бул багыттагы өлкө башчысына жолдонгон каттарды тейлөө системасы жолго коюлбагандыгына тынчсыздануусун билдирди:

- Мен Бакиев келген мезгилден тарта бардык арыздарды жазып алып, ушул убакка чейин үйү жок, иши жок сенделип жүрөбүз, ушуга кандай жардамы тиет экен деп президент келгенде ага барып жолугууга аракет кылсак, милиция кызматкерлери тосуп алышып, жолуктурбай коюшкан. Мен бул катты Курманбек Бакиев бийликке келгенде жаздым эле. Ушул мезгилге чейин ал каттын жообу жок.

XS
SM
MD
LG