Агенттиктер жазганга караганда бир апта ичи бомба таштоодон 270 ливандыктар мерт болушкан. «Хезболла» тарап аткан ракеталардын жарылышынан израилдик 25 киши курман болгон.
Азыркы согуштун чыгышына Сириянын кызыктар экенин америкалык лидер айткан. Расмий Сирия андай пикирди четке кагып, Чукулку Чыгышта тынчтыктын орношуна умтула тургандыгын билдирген. Израил болсо барымтада жаткан аскерлеринин дароо бошотулушун жана «Хезболланын» куралсыздануусун талап кылууда.
Анализчилер чөйрөсү Ливандан «Хезболланы» кысып чыгаруу Израилдин колунан келбейт дешет. «Хезболла» өз алдынча куралдуу күчү бар кыймыл. Анын куралчандары ливандык бийликке баш ийбеген ири күч дешет.
«Независимая газета» жазганга караганда «бул кармаштын акыры ошол жердеги Сирия, Иран жана башка араб өлкөлөрүн кучагына алган ири согушту пайда кылышы ыктымал».
Маскөөдөгү Карнеги борборунун эксперти Алексей Малашенконун пикиринде, «Чукулку Чыгыш кагылышына ливандыктардын ички абалы себепкер болгон. Түндүккавказдык сөз менен алганда ал өлкөдө бийликти тейлегендер – талаа командирлери болууда. Ошол себептүү мындай согуштун чыгышы ыктымал эле»
«Эгерде Израилдин элине, аскер кызматкерлерине кол салуу болуп атса анда анын ушундай чара көрүүгө толук акысы бар деп ойлойм», - деди Малашенко «Азаттыктын» жөнөткөн суроосуна жооп берип атып.
Орусиялык саясий талдоочулар кай бирлери «бул кризистен чыгуу «Хезболланы» да, Хамасты да мыйзамдуу саясий кыймыл экен деп тааныгандан кийин болот» , - дешет.
Мындай ойду Rремлдин таламын талашкандардын бири Максим Шевченко айтат:
«Албетте, мен Алексей Малашенко айткан пикирге макул эмесмин. «Хезболла» Ливандын өкүмөтү менен парламентине мүчө. Аны кандай шартта болбосун террордук уюм экен дешке жарабайт. Ал куралдуу колу бар партия. Анын бөлүнбөс саясий системасы - Ливан мамлекети», - дейт анализчи Шевченко.
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы