Бүгүн Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Косовонун келечектеги статусу жөнүндөгү маселенин каралышы күтүлүүдө. Жыйынга Сербиянын премьер-министри Воислав Коштуница, Косовонун президенти Фатмир Седждиу, ошондой эле БУУнун Косоводогу өкүлү Маарти Ахтисаари да катышат.