Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

ОШ : УКУК КОРГООЧУЛАР ТАРТИП САКТОО ЖАНА СОТ ТАРМАГЫНДА РЕФОРМАНЫ ТЕЗДЕТҮҮНҮ СУРАНЫШАТ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош шаарындагы бир катар укук коргоо уюмдары тартип сактоо жана сот органдарын тез арада реформалоону талап кылып мамлекет башчысына кайрылуу жолдошту. Алар аталган тармак өткөн жылкы март окуяларына чейин кандай абалда болсо эч кандай өзгөрүү болгон жок деп эсептешет.

Ош шаарындагы "Акыйкатка жол", "Мыйзам жана тартип" жана "Адилет" сыяктуу укук коргоо уюмдары милиция, прокуратура жана сот органдарын реформалоону тездетүүнү талап кылган кайрылууну мамлекет башчысынын атына жөнөтүштү. Алар өздөрүнүн мындай чечимин коомчулукта кайрадан жогоруда аталган мамлекеттик органдарга карата ишенбөөчүлүк орун алып, коррупциялашкан система тоскоолдуксуз өнүгүп, өсүп жатат деген жүйө менен байланыштырышты:

- Коррупция милициядан башталып атат. Милициялар көп адамдарды мыйзамсыз камап атат, аны прокуратура жакшылап текшербей, сотко өткөрүп атат. Ал эми соттор ким акча берсе анын ишин карап, болбосо соттоп коюп атышат. Соттор таза болмойунча милиция, прокуратура жана башка органдардын мыйзамсыз иши токтобойт, - деди "Адилет" укук коргоо уюмунун жетекчиси Равшан Гафуров.

Коюлган талаптарга мамлекет башчысы тарабынан тиешелүү көңүл бурулбаса, укук коргоочулар өздөрүнүн тилектештери менен биргеликте мөөнөтсүз нааразылык акцияларын уюштурушуп, айласыз чараларды көрүүгө мажбур болуша тургандыктарын жарыялашты.

"Акыйкатка жол" укук коргоо уюмунун жетекчиси Абдыманап Халилов болсо жакынкы күндөрү мамлекет жетекчилигинин жана коомчулуктун көңүлүн буруу максатында укук коргоо жана сот органдарын тез арада реформалоо талабын койгон тынчтык митингин уюштуруша тургандыктарын билдиришти:

- Тынчтык митингге чыгабыз. Биздин талап башкы жана райондук соттордун төрагаларын ишинен бошотуу.

Анткен менен укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери мындай курч талаптын коюлушун орунсуз деп эсептешет. Ош шаардык сотунун төрагасы Сүйөркул Маатов учурда сотторго сот жараяндарында уттуруп койгон тараптардын айрым өкүлдөрү гана нааразычылыгын билдирүү менен кырдаалдан пайдалангылары келип жатышат деп белгилейт:

- Сотто каралган иштери боюнча гана адамдар бир жактуу сотко нааразы болуп атышат. Менин өзүмдүн жеке байкоомдо жалпы эл соттук реформаны андай деле талап кылган жок.

Укук коргоочулар адилетсиздиктен жабырланган атуулдар менен биргеликте укук коргоо жана сот органдарын реформалоону тездетүү талабы коюлган митингди соттордун республикалык курултайы болгон күнгө уюштурууну убада кылышты.

XS
SM
MD
LG