Иорданиянын премьер-министри Маруф Аль-Бахиттин билдиргенине караганда, Ирактын экс-президенти Саддам Хуссейндин кызы Рагхад өз балдары менен Иорданияда жашап жатат. Алар гуманитардык себептерге байланыштуу өлкө королунун үй-бүлөсүнүн коргоосунда. 2-июнда Ирак өкмөтү Саддам Хусейндин жубайына жана кызына издөө жарыялаган.