БИШКЕК. Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров «Азаттыкка» берген интервьюсунда Куршаб шайлоо округундагы шайлоого эч кандай таасир көрсөткөн эмесигин билдирди. Депутаттык үчүн ат салышып келген Мамат Орозбаев бул округдагы шайлоого мурдагы депутаты Мадумаров киришти деп билдирген. Ал эми кечээ Жогорку Кеңеште Жогорку Соттун чечимин аткарууну көзөмөлдөөнү мамлекеттик органдарга милдеттендирген токтом долбоору өткөн жок. Жогорку Сот Орозбаевдин атаандашы Санжар Кадыралиевдин арызынын негизинде Тузбел участогунда кайрадан добуш берүү чечимин чыгарган. Бирок, өткөн жекшембидеги добуш берүү маалында тараптардын ортосунда чатак чыккан.