Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

АКШ ИРАН МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮЛӨРГӨ КЕДЕРГИ БОЛУП ЖАТАТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 27-июнда АКШнын президент Жорж Буш 1996- жылы Сауд Арабияда болгон террордук кол салуунун жоопкерчилигин кайрадан Иранга жүктөдү. Бул билдирүүнү президент Американын соту кабыл алган чечимден кийин жасап олтурат. Сот террордук кол салууда жабыркаган тараптын Иранды жоопкерчиликке тартуу талабын, Ирандын күнөөсүн күбөлөндүрүүчү далилдер жок болгондуктан, четке какты.

1996-жылы 25-июнда Сауд Арабияда жайгашкан Дохран аскердик комплексинин жанында жардыргыч заттарга жык толтурулган автомашина жардырылып, натыйжада 19 киши курман болуп, 350 киши жаракат алган эле. 2001-жылы бул окуяга байланыштуу ливандык жана саудиялык 13 киши соттолгон. Алардын ичинде Ирандык жарандар болгон эмес.

Бирок Америка Кошмо Штаттары бул окуянын артында Ирандын расмий бийликтери турганын божомолдоп келатат. Алардын пикиринде, жардырууну ишке ашыргандар Иран өкмөттүк чөйрөлөрү менен байланышта болуп, алардын көрсөтмөсүн аткарып турушкан. Кайгылуу окуянын 10 жылдыгына байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө Буш айыптоолорун кайрадан кайталап, жоопкерлерди жазага тартуу үчүн колдон келишинче аракеттене турганын билдирди. Тегеран бул айыптоолорду негизсиз деп четке кагууда.

Иран маселелери боюнча эксперт Али Анзари сотто Ирандын күнөөсүн тастыктаган таныктар ортого салынбагандыктан, АКШнын кайтоолдогон дооматтарын Ирандын ядролук программасына тиешелүү саясий дебаттар менен байланыштыруу керек, деген пикирин ортого салат. Серепчинин пикиринде, Иранды айыптоо менен Вашингтон өлкөнүн ядролук программасына байланыштуу дискуссияларга май куйгусу келип жатат.

Мындай пикирге АКШдагы Рутгерс университетинин профессору Хаусхаң Амирахмади да кошулат.

"Бул Иранга каратылган ишара. Анын максаты: силерге койо турган дооматтарыбыз бар, керек болгон учурда аларды алып чыгып алдыңарга койо салабыз деш. Бул дооматтардын максаты уран байытып жаткан Иранга кысмак кылуу. Экинчиси: Буштун администрациясы ракым кылабы деген Ирандын үмүтүн таш каптыруу",- дейт Амирахмади.

АКШ Иранды Жакынкы Чыгыштагы терроризмдин демөөрчүсү деп айыптап келатат. Вашингтон ошондой эле Иранды ядролук куралдарды жасап чыгарганга тымызын аракеттенүүдө деп күнөөлөйт. Серепчи Али Анзаринин пикиринде, Иранга кысмак көрсөтөм деген аракеттери менен Вашингтон Ирандын ядролук программасына байланыштуу сүйлөшүүлөргө ого бетер кедерги болуп жатат.

XS
SM
MD
LG