Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:28

Ооганстандагы кырдаал татаалдашууда


Ооган президенти Хамид Карзай эл аралык коомчулукка кайрылып, өлкөдөгү кырдаал татаал экендигин билдирди. Президент белгилегендей, өлкөдө соңку бир нече аптанын ичинде эле 600гө жакын адам набыт болду. Карзай эл аралык коомчулукту терроримге каршы күрөшүү жолдорун кайра карап чыгууга чакырды. Соңку маалыматтар боюнча Урузган провинциясында талибдерге каршы коалициялык жана өкмөттүк аскерлердин операциясынын натыйжасында 8 козголоңчу набыт болду. Кечээ Нуристан провинциясында төрт америкалык аскер мерт кеткен.

XS
SM
MD
LG