Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

ПУТИН: ИРАН “АЛТЫЛЫККА” ЖАКЫН АРАДА ЖООП БЕРЕТ


Шанхайда аты уйкаш уюмдун саммити маалында орус жана иран президенттери жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тегерандын атомдук программасы, Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү ырастагандай, жыйындын жүрүшүндө да сөз болду. Саммитте ошондой эле Ирандын президенти сөз сүйлөдү.

Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү Тегерандын атомдук проблемасына байланышкан маселе жыйындын күн тартибине киргизилгенин ырастаган эле. Бирок кеңешмеде кандай чечим кабыл алынганы тууралуу эч кандай маалымат айтылган жок. Деген менен дүйнөлүк “алтылыктын” сунуштарына Иран жакын арада жооп берерин орус президенти Владимир Путин ырастады. Анын айтымында, Тегеран өкмөтү демилгени оң мааниде баалады жана сүйлөшүүлөргө даяр, анын мөөнөтү жакынкы күндөрдө аныкталат.

Путин иран президенти Махмуд Ахмединежад менен өткөргөн сүйлөшүүлөрүн позитивдүү мааниде баалады. Орус президенти бардык өкмөттөрдөй эле атом кубатын жайчылык максаттарга пайдаланганга Тегерандын да укугу бар экенин тастыктады. Болгону бул ишти дүйнөлүк коомчулуктун күмөн-күдүгүн туудурбай турган шарттарда жасоо зарыл, деп белгиледи ал. Ахмединежад болсо Россияны Иран өзүнүн атаандашы катары карабай турганын айтып, Кавказда,Борборазияда жана Перси булуңунда жарнакташа кызматташканга чакырды.

Саммиттин кеңейтилген кеңешмесинде сөз сүйлөп,иран президенти Шанхай уюмуна энергетика чөйрөсүндө активдүү кызматташууну сунуш кылды жана Тегеранда министрлердин конференциясын өткөрүү демилгесин көтөрдү. Маданий,саясий жана коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыкты иран президенти дүйнөдө стабилдүүлүктү бекемдөөнүн башкы жолу деп атады. Дал ушул факторлор Шанхай уюмун регионалдык жана глобалдык таасирдүү бирикмеге айлантат, деп айтты Ахмединежад. Уюмдун өлкөлөрүн ал терроризмге каршы күрөштө орток саясат иштеп чыгууга да чакырды.

Шанхайдагы жыйын алдында Иран уюмга мүчө болуп кабыл алынышы мүмкүн деген божомолдор айтылган эле. Бул маселе саммите каралган жок. Ошол эле учурда казак президенти Нурсултан Назарбаев уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу эрежелерин өркүндөтүү зарылдыгы эске алынып, бу жагынан тийиштүү сунуштарды иштеп чыгуу тышкы иштер министрлер кеңешине тапшырылганын маалым кылды.

XS
SM
MD
LG