Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:36

БАЗАР КОРГОН : КАМАККА АЛУУГА ЭМНЕ СЕБЕП - КЫЛМЫШПЫ ЖЕ САЯСАТПЫ?


12-июнда Жалалабат облусундагы Базаркоргон райондук соту менен прокуратурасынын алдында жергиликтүү өзбек калкынын нааразылык акциясы болуп өттү. Алар өзбек улуттук маданий борборунун райондогу башчысы Маматкадыр Карабаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, абактан бошотулушун талап кылышты. Нааразылык акциясында айтылгандай, ал жасаган кылмышы үчүн эмес, өзбек тилине расмий укук берүү талабы менен Жалалабатта болгон митингге элди уюштургандыгы үчүн камалган. Райондук прокуратура өз кезегинде ал бир нече кылмыштары үчүн соттук териштирүүлөргө келбей койгондуктан кармалганын белгилөөдө.

Өзбек улуттук маданий борборунун Базаркоргон районундагы төрагасы Маматкадыр Карабаев Базаркоргон айыл өкмөтүн башкарган кезде «Бабур» аттуу акционердик коомго тиешелүү жайды бермек болуп, Рабия аттуу аялдан 2 миң АКШ долларын алган. Карабаев жумуш менен облустан сыртта жүргөндө жай сатылып кетет да, акча ээси арыз менен прокуратурага кайрылган. Арызга ылайык ага «алдамчылыгы, зөөкүрдүгү жана ири өлчөмдөгү байлыкты жок кылгандыгы үчүн» деген кылмыш иши козголгон. Бирок, ал шериги экөө сегиз жолу соттук териштирүүгө келбей койгон. Аялынын айтымында сотко келүүнү өтүнгөн бир да чакыруу кагазы үйүнө барган эмес.

Быйылкы жылдын 24-май күнү райондук прокуратура Маматкадыр Карабаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү райондук соттон өтүнгөн. 30-майда соттун судьясы Мелис Сатаров Карабаевди кармалган жеринде камакка алуу тууралу токтом чыгарган:

12-июнда Маматкадыр Карабаевдин 130 жактоочусу адегенде райондук соттун, кийин прокуратуранын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар жумуш мөөнөтү аяктагыча да сот кеңсесинен кетишкен жок. Соттун токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен облустук сотко кайрылууга кеңеш берген укук коргоочулардын да тилин алышпай, 6-июндан бери абакта жаткан Карабаевди абактан бошотууну талап кылышты.

Бир тууган карындашы Мукарам Карабаева агасы абактан чыкмайынча сот алдынан кетпей турганын билдирди.

Туугандары менен адам укугун коргоочулар Карабаевдин камалышын Жалалабатта өзбек тилине расмий укук берүүнү өтүнгөн митингге катышкандыгы жана элди уюштургандыгы менен байланыштырууда:

-Бул жерде саясий оюн, жогору жактан кандайдыр бир буйрук болгону көрүнүп турат. Маматкадыр 27-майдагы митингге катышканы жана митингге барууга элди үндөгөнү үчүн камалган, - деди райондогу адам укугун коргоочу Азимжан Аскаров.

Карабаевдин агасы Турсунмахамат Абдраимовдун пикири боюнча Маматкадыр аялдан алган акчасын төлөп берген жана анын абакта жатышына депутат Кадыржан Батыровдун өзбек тилине расмий укук берүү демилгесин колдоп чыкканы себеп болгон.

Райондун прокурору Расул Умаров өзбек улуттук маданий борборунун башчысынын камалышын саясий ишке байланыштырбоого чакырды. Ал Маматкадыр Карабаев өңдүү кылмыш жасап, качып жүргөндөрдүн бардыгын кармап камоо өтүнүчү менен сотко кайрылганын айтты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG