Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

8-ноябрь: Нарында кызды жана ата-баланы издөө уланууда, Украинада орус армиясынын генералы каза болду


Жумгалда издөө иштерине катышкан куткаруучулар, 6-ноябрь, 2024-жыл
Жумгалда издөө иштерине катышкан куткаруучулар, 6-ноябрь, 2024-жыл

8-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Нарын суусуна секирген кызды жана Жумгалдагы ата-баланы издөө уланып жатат

2-ноябрда Нарын дарыясына секирип кеткен өспүрүм кызды издөө иштери 8-ноябрда да уланып, 17 куткаруучу, 20 милиция кызматкери жана 21 жергиликтүү тургун - жалпы 58 адам тартылды. Куткаруучу топ Нарын суусун бойлой Куланактан Учкун Пионер, 8-Март жана Ак-Тал-Чаттан тарта Үгүткө чейин издеп жатышат. Өзгөчө кырдалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда, 2007-жылы туулган өспүрүм кыз Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн Нарын дарыясына секирип кеткен. Мындан тышкары Жумгал районунда мал кайтаруу үчүн кетип, дайынсыз кеткен ата-баланы издөө иши да уланууда. 8-ноябрда жалпы 14 адам издөө ишерине чыкты. Мындан тышкары 6 рация, 2 дүрбү, 1 Toyota Hailux АСМ тартылды. 16-октябрда Өрнөк айылынын тургуну 45 жаштагы Болот Карыпбеков менен анын уулу Бекзат Самарбеков мал кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияга барууну пландаган жарандарга Орусиянын миграция эрежелерине көңүл бурууну эскертти.

Министрлик текшерүүдөн соң Орусиянын чек ара кызматы өлкөгө киргизүүдөн баш тартуусу мүмкүн экенин да белгиледи. "Орусия Федерациясына чек арадан киргизүүдөн баш тарткан учурда жаранга мындай чечимди кабыл алууга негиз болгон тиешелүү документ берилет. Эл аралык келишимдерге ылайык, Орусия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган адамдарды кайра мекенине жеткирүүгө байланыштуу маселелер авиакомпаниянын жоопкерчилигинде деп каралат. Андай адамдар орто эсеп менен 1-3 күндүн ичинде кийинки рейс менен келген өлкөгө кайра жөнөтүлөт. Бул мезгилде авиакомпания аларды суу жана тамак-аш менен камсыз кылат", - деп айтылат тышкы иштер мекемеси тараткан маалыматта. Ошондой эле кыргыз жарандары Орусиядагы консулдук мекемелерден жардам алып, котормочу чакырууну суранса болорун билдирди. Тышкы иштер министрлиги өткөн аптанын соңунда да 2025-жылдын 1-январынан тартып Орусияда чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби өзгөрөрүн эскерткен.

Израил Амстердамда кол салууга кабылган жарандарын эвакуациялайт

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Амстердамга израилдик футбол күйөрмандарын эвакуациялоо үчүн эки учак жөнөткөнүн билдирди. Нетаньяху да, Нидерланддын премьер-министри Дик Схоф да Израилдин "Маккаби Тел-Авив" клубунун күйөрмандарына каршы "антисемиттик кол салуу" болгонун айтышты. Полиция маалымдагандай, 7-ноябрда Амстердамдын борбордук бөлүгүндө жергиликтүү жаштар жана Европа лигасында "Аякс" менен таймашкан өз командасын колдоо үчүн чогулган израилдик күйөрмандар ортосунда жаңжал тутанып, кеминде 57 киши кармалды. "Аякс" 5:0 эсеби менен уткан оюн бүткөндөн кийин күйөрмандар стадиондон тынч чыгып кеткени, шаарда айрым жерлерде кагылышуу түндө башталганы маалымдалды. Андан мурдараак стадиондун жанында "Маккаби Тел-Авивге" каршы палестиндердин акциясы өтөрү кабарланган, бирок Жакынкы Чыгыштагы соңку кырдаалдан улам жергиликтүү бийлик алардын жыйналышына уруксат бербей койгон.

Еврошаркет Украина маселесин, аймактагы коопсуздукту талкуулады

Венгриянын борбор шаары Будапештте Европа Биримдигине мүчө өлкөлөдүн лидерлеринин бейформал саммити өтүүдө. Талкууланып жаткан негизги маселелердин бири - Орусиянын Украинага каршы согушу жана жалпы континенттин коопсуздугу. Бул саммит АКШда президенттикке Украинага үзгүлтүсүз жардамдын жана НАТОнун колдоосунун зарылчылыгы боюнча маселе көтөрүп келген мурдагы президент Дональд Трамп шайланган учурда өтүүдө. Кошмо Штаттар Украинага аскердик жана экономикалык колдоосун көрсөткөн негизги өлкө, Евробиримдик да анын ири донорлорунун катарына кирет. Биримдиктин лидерлеринин көпчүлүгү Украинага бекем колдоосун айтып келе жатышат. Саммит алдында Венгриянын премьер-министри, Орусиянын президенти Владимир Путин менен достук мамиледеги саясатчы, Москвага каршы санкцияларды колдобогон Виктор Орбан мамлекеттик радиого курган маегинде Евробиримдик Украинага жардам боюнча позициясын кайра карап чыгышы зарыл экенин айтып, кырдаалды "утулган согуш" деп сыпаттады.

Украинада орус армиясынын генерал-майору каза болду

Мотоаткычтар бригадаларынын биринин командири, 47 жаштагы Павел Клименконун өлүмүнүн себеби азырынча белгисиз, ал каза болгонун алгач аскер темасын чагылдырган блогерлер жазып чыгышты. "Астранын" иликтөөлөрүнүн биринде Клименко Донецкиде кароосуз калган шахтада орусиялык аскерлер кыйноого алынуучу концлагерь ачканы, ошол жактан согушка чабуул коюучу топтун катарында катышууга мажбурлоо жүргөнү, кээ бирлеринен пара талап кылынганы айтылган. Айрым блогерлер анын бригадасы өтө көп жоготууга учурап жатканын да жазышкан. Клименконун кол астындагылар пара берип, тылга которулуп кете алары көп айтылган. Ушуну менен Украинадагы согушта Орусия жоготкондугу аныкталган, өлүмү журналисттердин жана көз каранды эмес иликтөөлөдүн негизинде тастыкталган генералдарынын саны сегизге жетти.

Азербайжанда сот журналист Назакат Мамедованы "тыңчылыкка" айыптап, 13 жылга кести

"Азаттык" радиосунун азери кызматынын маалыматына караганда, Баку сотунда кабыл алынган мындай өкүм ага каршы коюлган "Орусиянын пайдасына тыңчылык" деген айыптын негизинде чыкты. Мамедова комментатор журналист катары жалпыга маалымдоо каражаттарына, YouTube порталындагы Alfa TV каналына чыгып жүрчү. Бир жыл мурда аны камап коюшкан, сот өкүмү 5-ноябрда жарыяланды. Азербайжандын коопсуздук кызматы аны "Журналисттик ыйгарым укуктарын Орусиянын атайын кызматы менен кызматташуу үчүн колдонгон" деп айыптаган. Азери бийлиги Мамедованын YouTube каналы "ачыктан-ачык орусиялык материалдарды жана интервьюларды" көрсөткөн, бул үчүн ал Москвага байма-бай каттап, ошол жактан акча алып жүргөн жана орусиялык тыңчылар менен жашыруун жолугушууларды өткөрүп турган" деп эсептейт. Мамедова өзү мындай айыптоолордун баарын четке кагып, Орусияга конференцияларга катышуу үчүн барганын, акча жол кире, сапар чыгымын жабууга берилгенин айтууда.

Орусия президенти Владимир Путин АКШнын жаңы шайланган президенти Трампты жеңиши менен куттуктады

Путин Москва Трамп менен сүйлөшүүлөр үчүн ачык экенин Сочиде өткөн эл аралык конференциядагы сөзүнөн кийин айтты. Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда эгерде аны тандашса Украинадагы согушту тез арада токтото аларын билдирген, бирок кенен айткан эмес. Путин мындай комментарийлерге көңүл бурса болорун айтып, эгер Трамп ортодогу байланышты кайрадан жанданткысы келсе Орусия талкууга даяр экенин кошумчалады. Путин менен сүйлөшүүгө даяр экенин Трамп да билдирген. "Биз сүйлөшөбүз деп ойлойм", — деген ал 6-ноябрда NBC News телеканалына курган маегинде жана ошол күнү эле эртеден бери 70ге жакын өлкөнүн лидери менен сүйлөшкөнүн айткан. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин Трамп менен 20-январда өтө турган инаугурациясына чейин сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке какпай турганын айтты.

Иорданияда жана Өзбекстанда улуттук "Манас" театрынын филиалы ачылат

"Манас" театрынын директору Нурбек Талантбеков Иорданиядагы "Манас" театры ошол жерде жашап, иштеп, окуп жаткан кыргызстандыктар үчүн маданий борбордун ролун аткарат. "Биринчиден, учурда Иорданияда үч миңге жакын кыргызстандык студент, эмгек мигранттары бар экен. Израилге, Египетке, Иракка, Ливанга жакын жайгашкан тынч мамлекет. Экинчиден, Иорданияда Кыргызстандын элчилиги да, консулдугу да жок экен. Эми ал жерде кыргыздар Нооруз сыяктуу майрамдарда чогулуп, майрамап турушат. Театр аркылуу болгону үчүн баары акысыз болот", - деди. Талантбеков театрдын имаратын иорданиялык ишкер Хайдар Тамими акысыз берерин жана ал жакта иштөө үчүн бир өкүл дайындаларын кошумчалады.

Шерине

XS
SM
MD
LG