2-июнда Россия парламентинин жогорку палатасы- Федерациялык Кеңеш президенттин алдынан кыя баспаган кызматкер катары белгилүү, баш прокурор генерал Владимир Устиновду кызматтан четтетүү жөнүндөгү президенттин жарлыгын бекитти. Анын эле алдында Устинов коррупция менен паракорчулук өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирип жатат, деп билдирген.
Кызыктуусу Путин өзү иштеп кеткен ФСБнин төрагасынын эки орун басарлары, генералдар Евгериний Колесников менен Александр Плотников жана контрабанда жана наркотрафикке каршы күрөшү бөлүмүн башкарып, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары болгон генерал Сергей Фоменкону кызматтарынан алганында.
Өткөн жайда ФСБда башталган реструктуризациянын учурунда бул үчөө тең орундарында калышкан, ошон үчүн азыр булардын кызматтарынан алынуусунун төркүнү ар түрдүү суроолорду пайда кылып жатат. Колесников менен Плотников Конституциялык системаны коргоо жана Терроризмге каршы күрөшүү бөлүмдөрүндө иштешкен. Бул департамент президентке жана анын жардамчыларына түздөн-түз чыгып, сүйлөшүүгө мүмкүндүк алган таасирдүү мекемелердин бири. Бул үчөөнө каршы кылмыш иштери козголуп жатканы белгисиз.
Мындай көрүнүштүн төркүнүн Россиянын стратегиялык изилдөөлөр институнун кызматкери Станислав Белковскийдин Австрияда чыгуучу 'Профиль' журналында жазган макаласынан издесе болот. Анда серепчи Ненец автономдуу округунун губернатору Александр Сабадаш менен Хакас республикасынын башчысы Аркадий Саркисьянстын кызматтан алынганы жөнүндө жазып, муну экөөнүн өз саясий таасирин күчөтүп "саясий империя түзүп алышканы" менен түшүндүргөн. Анын айтымында, алар Кремлде таасири бар ФСБнин эки офицери менен байланышта болушкан. Сабадаш менен Саркисьян кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.
Серепчинин алдыдагыдай божомолу орус коомчулугунда айтылып жаткан дагы бир божомол менен үндөшүп турат. Ага ылайык, Кремль 2008-жылы боло турган президенттик шайлоого карата өзүнө жакпаган "козголоңчул" кызматкерлерден арылып жатат. Президенттик администрация башчысынын кеңешчиси Глеб Павловский мындай чаралар коррупцияны жойууга көмөк этет деген пикириде. Бирок байкоочулардын айрымдары коррупцияга малынган деп шектелген кызматкерлерди кызматтан алуу менен эле коррупция менен паракорчулукту жойуу мүмкүн эмес экенин айтып жатышат. "Эхо Москвы" радиосу жүргүзгөн сурамжылоого караганда, калктын 93 проценти президенттин аракеттеринен майнап чыгаарына ишенбейт.