Митингге өзбек улутунун 700дөй өкүлдөрү катышты. Анда өзбек тилине ырасмий тил деген макам ыйгаруу талабы коюлду. Мындан тышкары митингде санына жараша өзбек уул-кыздарын бийлик, укук коргоо, сот, прокуратура органдарына кызматка коюу, конституциялык реформа жүргүзүү талаптары коюлду.
Жогорку Кеңештин депутаты Кадыржан Батыров өзбек тилине ырасмий тил макамы берилсин жана конституциялык реформа жүргүзүлсүн деген оюн ачыкка чыгарды:
- Бул жерде коюлган маселе - тил жана өзбек элинин мамлакеттик тармактарга катышуу маселеси. Сотто бирөө, губернатордун бир орунбасары, прокуратурада төрт өзбек бар деген сөздөр көкөйүбүзгө тийди. Бул маселени биз бир добуштан көтөрүп чыктык. Биздин тил ырасмий тил болсун деп талап кылабыз.
Кадыржан Батыров андан ары конституциялык реформага токтолду:
- Конституциялык реформада көп нерсе эске алынган. Биздин үстүбүздө кабатталып турган төрөпейил кызматтар кыскарат. Артыбыздан аңдып жүргөн коопсуздук кызматы кыскарат .
Куржункожо Султанов:
- Кыргыз тили мамлекеттик болсо, орус тили ырасмий деп айтылат, эне тилибизге да ырасмий укук берилсе бизге көрүлгөн камкордук деп түшүнөбүз.
Губернатор Искендер Айдаралиев сот жана укук коргоо уюмдарын реформалоону жети жыл мурда эле айтканына токтолду:
- Аткаруу, сот бийлигинде, прокуратура, милиция системасында реформа болуш керек деп мен мурун эле өзүмдүн оюмду айткам. Бүгүнкү күндө соттор өтүгүн төргө илип, өзүнүн билгенин жасап атат, муну бардыгыбыз жакшы билебиз. Мына ошон үчүн сот бийлигинде эң биринчи реформа болуш керек. Менин оюмча, соттор Жогорку Кеңештин сессиясында бекибей ушул жердеги жергиликтүү бийликтен, райондук кеңештен депутаттардын макулдугун алып туруп, анан Жогорку Кеңешке барыш керек.
Губернатор өкмөттүк кызматтарда иштеген жалалабаттык 38 өзбек адамынын ысымын атады. Ал ошондой эле тил маселесин мыйзам жолу менен чечүүнү сунуш кылды:
- Бул Жогорку Кеңеште каралып, анан кыргыз элине референдумга чыгыш керек. Ошондо маселе чечилсе эч кандай проблемасы жок болот.
Ардагер Базаркул Асанбековдун ою боюнча бир нече талаптарга жооп берген тил гана ырасмий болууга укуктуу:
- Элдин санына байланыштуу тилибиз ырасмий болушу керек деген бул туура эмес. Бул үчүн тилдин өзүнүн канчалык функциясы бар, макам алууга анын күч кубаты жетеби - ушул мааниге ээ. Мисалы, эмне үчүн орус тили биздин республикада ырасмий тилди алып жүрөт? Себеби орус тили абдан чоң масштабдагы руханий байлыктын тили болуп турат.
Mитинг соңунда өзбек тилине ырасмий макам берип, аны конституцияда бекитүү, бийлик жана тармактык уюмдарга өзбек улутунун өкүлдөрүн тартуу, сотторду шайлоo өңдүү 12 бөлүмдөн турган резолюция кабыл алынды.