Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

ТЕКЕБАЕВДИ ДЕПУТАТТЫКТАН ЧАКЫРТЫП АЛУУ КОМИТЕТИ ТҮЗҮЛДҮ


Жалалабат облусунун Базаркоргон районунда өткөн митингде депутат Өмүрбек Текебаевди Жогорку Кеңештен чакыртып алуу боюнча 17 адамдан турган комитет түзүлдү. Комитеттин мүчөлөрү “Реформа үчүн” кыймылынын штаб башчысы Өмүрбек Текебаевдин соңку айлардагы саясий ишмердүүлүгүнө нааразы болушту. Ал эми “Ата-Мекен” партиясынын өкүлдөрү депутатты чакыртып алуу иш чарасына бийлик тымызын көмөктөш болгондугун айтышса, облустук бийликтин жооптуу кызматкерлери андай айыптарды четке кагышты.

Экс-спикер Өмүрбек Текебаевди депутаттыктан чакыртып алуу демилгеси Базаркоргон районундагы Кеңеш айылында өткөн митингде көтөрүлдү. Депутаттын соңку кездеги саясий ишмердүүлүгүнө нааразы болуп сүйлөгөндөр Текебаевдин азыркы бийликке тоскоолдугу жана ичкүйдүүлүгү катары баалашты. Ыңкылапты коргоо боюнча райондук бөлүмү уюштурган саясий акция Текебаевди Жогорку Кеңештен чакыртып алуу үчүн 17 адамдан турган комитет түзүү менен аяктаган:

- Ошто Текебаевди чакыртып алуу боюнча резолюция кабыл алдык. Эми ошол иш боюнча азыр Базаркоргон, Ноокендин эли кол топтоп жүрөт. Жакынкы күндөрдө биз Текебаевди чакырып алабыз. Комитет 17 адамдан түзүлдү. Ал комитет азыр иш алып барып атат – деди комитеттин мүчөсү Акрам Сатиев.

“Реформа үчүн” кыймылынын талаптарын жөнсүз деп эсептеген “Эркиндик” партиясынын облустагы төрагасы Мойдун Мамажанов Өмүрбек Текебаев баш болгон бир нече депутаттар эл ичин удургутуп, бийликке жетүүнү көздөп жатышат, дейт:

- Жашыралбай бийликке асылып жатышат. Мейли жөндү болсо асылсын, алардын жөндүлөрүнө биз дагы кошулабыз. Элди тынчытыштын ордуна Текебаев баш болгон Шерниязов, Эшимканов, ушуга окшогон депутаттар чыгып алып тынч жашап аткан элди козготуп, митинг кылдырып атат. Эгер алардыкы ушунчалык эле чын, өзүнүн амбициясы болбосо эмне үчүн ал жерде 65-70ке жакын депутаттар кошо чыкпайт. Элди көтөрүп атканы бул өздүк амбициялары, бийликке барыш керек.

Депутат Текебаевди маалымат каражаттарын да каралоо туура эмес. Акман аймагындагы шайлоочу Абдыкалил Алишевдин оюнда мындай ыкмалар элди бөлүп-жарууга гана алып барат:

- Текебаев Өмүрбек Чиркешовичти бардык жерде эле жаман аттуу кылып атат. Бул киши 15 жыл бою Акаев менен күрөшүп жүргөн адам. Элдин кызыкчылыгын ойлоп, катуу киришип, элдин турмушун оңдоюн деген адам ушунчалык аракет кылып атат. Бул адамды жаман атуу кыла бериштин кереги жок.

Ноокендик шайлоочу Бурул Боромбаева Өмүрбек Текебаевди депутаттыктан чакыртып алууга каршы:

- Текебаевди депутаттыктан кайтсын деген эл туура эмес түшүнүп калыптыр. Көп жерде топтолуп бул баланы жамандаштан кайткыла, Аллага дагы жакпайсыңар.

Кеңеш айылынын тургуну Сабыр Абдаловдун белгилешинче экс-спикерди Жогорку Кеңештен чакыртып алуу демилгесин бийликтин тымызын көрсөтмөсү менен Текебаевге тиешеси жок тоолук шайлоочулар көтөрүүдө. Бир тараптуу акциялар улантыла берсе депутаттын жактоочулары да саясий акцияны баштоого камдуу турушат:

- Элдин ишенимине кирип шайланган депутатыбызга каршы митинг, акцияларды жүргүзбөсүн бийликтен талап кылабыз. Эгерде дагы депутатыбызга карата каршы митингдерди уюштура бере турган болсо, биз ал кишилерге да каршы акция жүргүзүүгө даярбыз.

Кеңеш айылындагы жыйын жана түзүлгөн комитет тууралуу облустук бийлик кабарсыз. Губернатордун биринчи орунбасары Жаныш Курбанов Өмүрбек Текебаевди депутаттыктан чакыртып алууга бийликтин эч кандай тиешеси жок экендигин айтты:

- Текебаевге кол топтоо боюнча бийликтин эч кандай тиешеси жок, биз ага киришпейбиз, укугубуз да, акыбыз да жок. Пикет деген нерсе сасык тумоо сыяктуу эле нерсе болуп калды деп ойлойм. Бирөөнүн башы ооруса эле, чогула калып пикет, митинг уюштурмай болуп кетти.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG