Анжияндагы кандуу бүлөөндөн кийин Өзбекстандын 541жараны Жалалабаттын Карадарыя айыл өкмөтүнө качып өтүшкөн. Арасында эмчектеги бөбөктөн жетимиштен ашкан кемпир-чалдарга чейин болгон качкындар ички иштер министринин «кыргыз тарабына кетсеңер гана аман каласыңар» деген сөзүнөн кийин артынан түшкөн куугунга, бет алдынан чыккан буктурмага карабай, жөө-жалаңдап кыргыз-өзбек чек арасына жетишкен. Таңкы шоокумда суу кечип, чөгүп бараткан айрым качкындарды Кыргызстандын ички иштер кызматтары куткарып калган.
Качкындардын бири Хожоназаров Тойчубай өткөн жылдын август айында БУУнун качкындар боюнча Башкы комиссариатынын көмөгү менен Жалалабаттан Европа өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн. Ал 1999-жылкы Ташкендеги жардыруудан кийин өзбек бийлиги укугун талашкан миңдеген адамдарга ойго келбеген жарлыктарды тагуу менен сүргүнгө айдаганын белгилейт.
-Аны террорист десе, муну экстремист десе, тигиге Хиз-ут-тахрир, же акрамий деп ойлоп табылбаган күнөөлөрдү койуу менен бийликке жакпаган кишилерди кырып салуусу мүмкүн. Бийлик башчынын үстүнөн көзөмөл кыла турган уюм барбы-жокпу, бизди ошол нерсе кызыктырат. Миңдеген адамдарды өлтүрүүгө буйрук бергенин өкмөттүк кызматтарда иштеген адамдар» 99-жылдагы Ташкендеги жардыруудан кийин көп адамдардын «Жаштыр» түрмөсүнө айдалганын айтып жүрүшөт. Ошондуктан аны эл аралык сотко берүү керек, - деген Тойчубай Хожоназаров.
Белгилүү болгондой, Анжиян алааматын эл аралык уюмдардын тескөөсүнө Ташкендик режим макул болгон жок.
Өзбек бийлиги Жалалабатка качып өткөн адамдарды өткөрүп берүүнү талап кылган менен эл аралык мыйзамдарга кол койгон Кыргызстан андай кадамга барган эмес.
Учурда Өзбекстанда саясий кырдаал туруктуу. 13-майда Анжиянда 2005-жылы тополондо набыт болгондорду эскерүү иш-чаралары өткөрүлүүсү ыктымал.
Качкындар былтыр жашаган Сузак районунун тургуну Узакбай Маматкуловдун болжолунда Анжиянда абал тынч экендиги маалымат каражаттарынан улам белгилүү. Анын айтымында Борбор Азияга коркунуч келтирген террорчуларга каршы өзбек бийлигинин иш-аракети колдоого арзыйт:
- Өзбек Республикасынын ичинде азыр саясат стабилдешип, жашоо-турмуштары бир топ оңолуп калды деп ойлойм. Себеби азыр теледен, радиодон чыгып сүлөгөн элинин көңүлү көтөрүңкү, жакшы маанайда жүрүшкөнү байкалат. Каримовдун бул саясаты туура деп ойлойм. Себеби бул нерсе Орто Азия боюнча өтө коркунчутуу экени жалпыбызга белгилүү нерсе. Ушул саясат Өзбек Республикасынын ичинен жок болушу керек, ошондо бир топ стабилдүүлүк болот эл үчүн. Турмуш начар, эл жакыр жашайт деген сөздөр айтылып атат. Эгерде жашоосу ошончолук начарлап кеткен болсо, Өзбекстандын башка жактарынан да элдер көтөрүлүп, кандайдыр бир нааразылыктар айтылат беле, - деди Узакбай Маматкулов.