Кечээ күнү Брюссел шаарынын аэропортунда өрт чыккандан төрт ири учак жок болду, алардын бири - Европада өндүрүлгөн "Аэробус-320". Дагы бир ошондой эле аэробус мындан үч күн мурда Орусиянын Кара деңиздеги Сочи портуна коноордо кыйрап, деңизге кулап түшкөн. Арменияын "Армавиа" компаниясына таандык ал учактын ичинде 113 адам болгон, алардын баары каза тапты.