Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

ПРЕЗИДЕНТТИК БАШКАРУУ БОЮНЧА ЖАЗЫЛГАН КОНСТИТУЦИЯ ДОЛБООРУ ПРЕЗИДЕНТКЕ СУНУШТАЛДЫ


Аманбек Жапаров,Бишкек Кыргызстан демокаратиялык күчтөр биримдигинин лидери Кубатбек Байболов президент Курманбек Бакиев жактырган президенттик башкаруу системасы боюнча жазылган жаңы Конституциянын долбоорун өлкө башчысына тапшырды. Айрым байкоочулар КДКБ долбоору президенттик администрация тарабынан колдоого алынарына ишенишпейт. Алардын баамында, бийлик азыркы баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарын күчөтүүнү көздөөдө.

Кубатбек Байболов башында турган Кыргызстан демокаратиялык күчтөр биримдиги парламенттик башкаруу системасы боюнча жазылган жаңы Конституциянын долбоорун президентке үч ай мурда сунушташкан эле. Алар Кыргызстанды кризистен чыгаруунун бирден-бир жолу парламенттик башкаруу формасы деп келишкен. Мындай идеяны туу тутуп, тез арада конституциялык реформа жүргүзүп, парламенттик башкарууга өтө калууга ашыккан саясатчылардын көз карашы чукул аранын ичинде өзгөрүп, президенттик башкаруу формасына өтүү идеясына көнүштү. Мунун себеби, «өлкө башчысы Курманбек Бакиев Кыргызстан үчүн президенттик башкаруу формасы ылайыктуу, деген көз карашын бир нече жолу билдиргенине байланыштуу болду. Эгерде биз парламенттик башкаруу формасы деп эрегишип отура берсек, анда эч качан реформа болушу мүмкүн эмес»,-деди Кубатбек Байболов. Анын айтымында, Курманбек Бакиев президент болуп шайланганга чейин тез арада Конституциялык реформа өткөрүш керек деп келсе, президент болгондон кийин анын айланасындагы «сабатсыз саясатчылардын» көкүтүүсү менен ар түрдүү шылтоолор менен реформаны кечеңдетип келет. Өткөн жылы эки ирет түзүлгөн Конституциялык кеңешменин иши солгундап, президент тарабынан азыркы баш мыйзам менен эле иштей берүү демилгеси да болгон. Эгерде ушундай «таш бака» жүрүш менен кете берсе, реформадан үмүт кылуунун деле кажети жок, дейт Байболов.

Президент Курманбек Бакиев бейшембиде Конституция күнүнө карата куттуктоосунда, баш мыйзамды реформаны шашылыш жүргүзүү өлкөдө социалдык туруксуздукту пайда кылышы мүмкүн деген кооптонуусун билдирген

Кубатбек Байболовдун айтымында, Конституциялык реформаны тездетүү максатында КДКБ президенттик башкаруу формасындагы жаңы баш мыйзамдын долбоорун президентке сунуштаган. Алар сунуш кылган жаңы баш мыйзамдын долбоорунда адам укуктары, эркиндиги жана милдеттерине негизги басым жасалган. Президент 4 жылга шайланып, Жогорку Кеңеш 105 депутаттан турат. Депутаттар да төрт жылга шайланышат. Ар бир бийлик бутактарынын аткаруу милдеттери так бөлүштүрүлүп, алардын жоопкерчилиги күчөтүлгөн. Мурдагы Конституцияда 97 берене болсо азыркы сунушталган жаңы долбоордо 56 берене кыска, нуска карапайым элге түшүнүктүү жазылды дейт, Кубатбек Байболов.

Президенттин жарлыгына ылайык Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун мүчөсү Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, КДКБдан башка да саясий топтор жаңы Конституциянын долбоорун сунуштап жатышат.


Анын пикиринде, КДКБ сунуштаган жаңы Конституциянын долбоорунда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо боюнча жана башка айрым беренелерде мүчүлүштүктөр бар. Ошондуктан жумушчу топ ар кандай саясий топтордун, бейөкмөт уюмдардын сунуштарын август айынын соңуна чейин карап, талкуулап чыгат. Андан соң парламенттик-президенттик, президенттик жана парламенттик башкаруу формалары боюнча үч долбоорду президентке сунушташат.

Айрым байкоочулар азыркы бийлик Аскар Акаевдин мезгилиндеги Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, ошол эле баш мыйзам менен иштөөгө кызыкдар болууда деген көз карашта. Жарандык коомдордун өкүлдөрү азыркы бийлик дагы жаңы Конституцияга өз ыйгарым укуктарын күчөтүүгө аракеттенип, мурдагы бийликтин каталарын кайталап калуу коркунучу бар экендигин айтышууда. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын пикиринде, бийликти бир адамдын колуна өткөрүп жибербеш үчүн жаңы Конституциянын долбоорун талкуулоодо жарандык коом, саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар жигердүүлүгүн арттырып, көзөмөлдөп турушу зарыл.

XS
SM
MD
LG