Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

РЫСБЕК АКМАТБАЕВДИН САЯСИЙ ТАГДЫРЫ ТАРАЗАГА КОЮЛДУ


Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайлоодо көпчүлүк добуш алган Рысбек Акматбаевге мандат берүү маселеси бүгүн түштөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын кезексиз отурумунда каралат. Буга БШКнын бир катар мүчөлөрүнүн төрагага кайрылуусу түрткү берди. Муну айрым саясатчылар президенттик администрациясынын кысымы катары чечмелешүүдө.

БШК мүчөлөрү кайрылуусунда төрага Туйгунаалы Абдыраимовдон Рысбек Акматбаевдин мандатына байланышкан маселени комиссиянын жыйынында чукул карап, бир жаңсыл чечим чыгарууну сунушташкан. Мындай сунушту алар БШКнын регламентине ылайык келет жана отурумду чакырууга төрага милдеттүү деп негиздешүүдө. Кол койгон мүчөлөрдүн бири Көкүмбай Турусбековдун оюнда, эгер, бул маселеге реакция болбосо, демилгечилер төрагага ишеним көрсөтпөөнү сурап президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылышы мүмкүн.

БШК мүчөлөрү күн тартибине эки маселени киргизүүнү сунушташкан.Биринчиси - Акматбаевдин өкүлү Сыдыковдун арызын кароо, экинчиси-Балыкчы округу боюнча шайлоо натыйжаларын аныктоо.

Анткен менен, кайрылууга кол койгон комиссия мүчөлөрүнүн бири Жылдыз Жолдошеванын пикиринде, төрага комиссия мүчөлөрү менен кеңешпей чечим кабыл алуу аркылуу мыйзам бузууга барып, түшүнүксүз жагдайды түзүп жатат. Бирок, айрым саясатчылар БШКда түзүлгөн жаңы жагдайды президенттик администрациянын Акматбаевге мандат алып берүү кызыкчылыгына байлашууда.

«Реформа үчүн» кыймылынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимкановдун айтымында, «Үсөн Сыдыков президенттик администрациясы БШК мүчөлөрүн бирден чакырып, Абдыраимовго каршы чыгарып, сегиз мүчөнү көндүрүп атыптыр».

Бирок, кайрылууга кол койгондордун бири Жылдыз Жолдошева мындай дооматты жууткан жок.

- Кулов да менден суранган жок, Акматбаевди өткөрбө деп, Бакиев же анын айланасындагылар да менден суранган жок өткөрүп койгула деп. Мындай нерселерди чуулдатпаш керек. Мен жаратылышымдан көз карандысыз адаммын,- деди Жылдыз Жолдошева.

Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда, кайрылууга жети мүчө кол коюп, алардын бирөө кийинчерээк бул оюнан баш тарткан. Мүчөлөр сунуштаган эки маселе колдоого ээ болуш үчүн отурумда сегиз добуш алышы керек. Мындай шартта мыйзам боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күтүп отурбай эле БШК Акматбаевге мандат берүү маселесин кароого киришет.

БШКнын дагы бир мүчөсү Жаркын Бапанова отурумга чогулуу сунушуна кол койгондордун баары эле Акматбаевге мандат берүүгө макулдук берет деп ойлобойт. Мыйзамга ылайык тигил же бул маселени бир ыктай чечүү үчүн БШКнын он үч мүчөсүнүн сегизинин макулдугу болушу керек.

Шайлоо кодексинин 28-беренесинин бешинчи, алтынчы пункттарына жана 56-беренесинин төртүнчү пунктуна таянган төрага Туйгунаалы Абдыраимов Рысбек Акматбаевге мандат берүүнү убактылуу токтоткондугу тууралуу 11-апрелде жарыялаган болчу. Муну Акматбаевге байланышкан соттук териштирүү аягына чыга электиги менен байланыштырып, бир жаңсыл жооп берүүнү сурап, төрага Бишкек шаардык сотуна да кайрылган.

Рысбек Акматбаевдин адвокаты Рысбек Нагаевдин билдиргенине караганда, милициянын полковниги Чыныбек Алиев баштаган үч адамдын өлүмүнө байланыштуу ишти Бишкек шаардык соту бүгүн кароого киришти. Бул иште айыпталып жаткан Рысбек Акматбаев баштаган тогуз адамды биринчи май райондук соту актаган. Бирок, Алиевдин туугандары райондук соттун чечимин жокко чыгарууну сурап, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот ишти кароону шайлоого байланыштуу убактылуу токтоткон болчу.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG